Төө-Ашууда жайкы дөңгөлөк менен бараткан фуралар тыгын жаратты. Видео

Ашууда кар жаап, тыгын жаралганын Sputnik Кыргызстан агенттигине жүргүнчү кабарлап, видеосун жөнөттү.
Sputnik

Кадрларда жолдо жүк ташуучу бир нече автоунаа турганын, аларды айланып жеңил машиналар араң өтүп жатканын көрүүгө болот. Фуралар жолдун эки тарабында тең турат.

Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын маалымат катчысы Темирлан Мирсадык уулу тыгын Бишкек — Ош жолунун 127-129-чакырымында экенин айтты.

"Ашууда кар жатат. Ал эми жүк ташуучу унаалар жолго жайкы дөңгөлөк менен чыгышкан. Мындан улам тыгын пайда болду", — деди ал.

Ушу тапта ашууга бир грейдер, кум жүктөлгөн бир машина жөнөтүлдү.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.