БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясына Кара-Жыгач айылынын 8 жаштагы тургуну түшүп кетип, табылбай жатат. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.
Кырсык кечээ, 3-апрелде, кечке жуук болгон.
Баланы беш куткаруучу 18:49дан тарта кечки онго чейин издеп, бирок тапкан эмес.
ӨКМден 4-апрель күнү издөө иштери улантыларын кошумчалашты.