БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Россиянын президенти Владимир Путинди күтүп турат.
Сүрөттү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Табылды Кадырбеков даярдык учурунда тартып алган.
Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 21-жыйыны өтөт. Андан сырткары, 27-мартта Кыргызстан менен Россиянын ишкер чөйрөсүнүн катышуусу менен кыргыз-орус аймактар аралык VIII конференциясы өттү.
Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары кандай өтүп жатканын онлайн репортаждан караңыздар.