Абактагы Садыр Жапаров апасына топурак салуу үчүн айылына барды. Сүрөт

Кадича Жапарова 7-мартта Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде каза болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Мурдагы депутат, учурда абакта жаткан Садыр Жапаров апасы Кадича Жапарованы акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн Түп районундагы Кең-Суу айылына барды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына Жапаровдун жакындары билдирди.

Белгилей кетсек, Кадича Жапарова 7-мартта Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде каза болгону айтылган.

Прокуратура Садыр Жапаровдун ишин кайра кароодон баш тартты
Жапаровдун атасы Мустали уулу Нуркожо 2017-жылы 20-сентябрда каза болгон. Бирок Садыр Жапаровго атасына топурак салуу үчүн айылына барууга уруксат берилген эмес.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген. Учурда ал Молдовановка айылындагы биринчи колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жатат.