Айбанча коргой албадык... Кордук көргөн наристелердин убалы кимге?!

Акыркы маалда коомчулукта кичинекей балдарга карата зомбулук көрсөткөн, айрым учурларда бешиктен бели чыга элек чүрпөлөрдүн өмүрү кыйылган окуялар көп болууда. Sputnik Кыргызстан агенттигинин колумнисти Мирбек Сакенов бул ирет так ушул маселеге кайрылды.
Sputnik

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2018-жылы жашы жете элек балдар киши колдуу болгон 13 факты катталган. Анын жетөө туугандарынын колунан ажал тапкан.

Жалал-Абадда чынжырланып жылаңайлак жүргөн өспүрүм кыз табылды
Өзгөндө 14 жаштагы өспүрүмдү өз атасы зордуктап келген, Ысык-Көлдө 12 жаштагы кызды зордуктаган 51 жаштагы жаран кармалды, Нарын облусунда төрт жашар кызды зордуктаган шектүү колго түшүрүлдү. Ошондой эле Бишкекте ымыркайларды сатуу менен алектенген акушер-гинекологдор камакка алынды, жаш келин 1,5 жаштагы уулун тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет кылган...

Эмнеге?! Кайсы күнөөсү үчүн бул бөбөктөр мынча кордук көрдү?! Зордуктап, кордоп, өлтүрүп жаткандарга ким мындай укук берди?!

Жогоруда тизмектелгендер чуулуу окуялардын айрымдары гана. Балким, коомчулукта балдарга карата жасалган кылмыштар мындан дагы көп болуп, ич ара жаап-жашырылып жаткандыр. Зөөкүрлөрдөн запкы чеккен наристелердин тагдыры кандай болуп, психологиясы, ден соолугу эмне болот деген ой мээмди жей берет...

Айрым адистер мындай жагымсыз окуяларга мыйзамдардын иштебегендиги, ымыркайлар адамдар үчүн товарга айланып бара жаткандыгы, ата-энелердин кайдыгерлиги, калктын социалдык-экономикалык абалынын начарлыгы деп айтып келүүдө. Деги койчу, актануулардын аягы жок. Бирок бир нерсени мойнубузга алышыбыз керек, биз ал-күчү жок, арамдыгы жок наристелерди жада калса айбанча дагы коргой албай жатабыз!

Өзүмдүн окуяларымдан айтып берейинчи. Мен союз тарап эл башынан кыйын күндөрдү өткөрүп жаткан 1990-жылдардын башында жарык дүйнөгө келгем. Оңураак сүт эме албаган, башым эле көрүнбөсө колго кармалбай ара төрөлгөн, мал болуп кетерим күмөн туудурган бала экенмин. Ата-энем менин өмүрүмдү Жараткандан тилеп жылкынын шорпосуна жуунтуп, апам үч чакырымдай алыстыктагы кошуна айылдагы кемпирге көрсөтөм деп, көтөрүп алып күн алыс жөө барчу экен. Анда да өзү жалгыз эмес, менден улуу үч агамды жетелеп алып жөнөчү экен. Ошентип жүрүп адам катарына кошулгам.

Жогорку сот: зордукталган наристенин ата-энеси кылмышкерди кечирип койгон
Балалыктагы дагы бир жагдайды баса белгилей кетким келет. Балким айрымдар үчүн таң калыштуу болор. Мен балдарга карата сексуалдык зомбулук көрсөткөн адамдар жер бетинде жашай турганын 22 жашымда угуп, билгем. Бейкүнөө бир бөбөктүн окуясын угуп, көңүлүм караңгылап, ичим эңшерилген. Ошондо колума нан көтөрүп жеп, жайлоодо ат минип, курсагым ачка-ток болсо да, агаларыман таяк жесем да ата-энем менен жакындарымдын коргоосунда чоңойгонума шүгүр келтиргем.

Адам басып өткөн өмүрүндө өзүнүн балалык күндөрүн жашоосунун аягына чейин үзүлбөгөн уламыш, бүтпөгөн жомок кылып жашайт. Ошол кездеги окуя, көз ирмемдер анын жашоосунун пайдубалы болуп калат. Ал эми кордук көрүп, зомбулукка туш болгон БИЗДИН КҮНДӨРДӨГҮ балдар кантип таяк жегенин, эмне болуп зордукталганын унута албай, жүрөктүн, көңүл-көөдөнүнүн жарасы сымал, жашоого, турмушка, ата-энесине, чоңдорго, БИЗГЕ таарынып жүрүп өтөөр...

Адамзат, балдардын кубанычы менен балалыгын уурдабайлычы, көңүлүнө так салбайлычы!..