Иранда кыйраган учак: экипаж мүчөлөрүнүн аты-жөнү, сүрөттөрү жарыяланды

Самолеттун ичинде 16 киши болгон. Алардын ичинен Фаршад Махдави Неджад аттуу бортинженер гана аман калган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Иран ЖМКлары Тегерандан алыс эмес жерде кулап түшкөн жүк ташуучу Boeing 707 учагынын экипаж мүчөлөрүнүн сүрөтүн чыгарды. 

Кыйраган учактан улам Жээнбеков Иран президентине көңүл айтты
Ирандын Куралдуу күчтөрүнө таандык учак 13-январь күнү Таиланддан келе жатып "Манас" аэропортуна конгон. 14-январь күнү саат 7.16да кайра учуп кеткен. Бишкектен самолетко 30 тонна койдун эти жүктөлгөнү маалым болду. Лайнер Тегерандын жанындагы Карадж шаарындагы "Пайам" аэропортуна конмок, бирок адашып ошол эле калаадагы "Фатх" аба майданына конууга аракет кылган. Учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, дубалды сүзүп, эл жашаган аймакка кирип өрттөнүп кеткен.

Учак ичинде 16 киши болгон, Ирандын FarsNews агенттигинин маалыматы боюнча бирөө гана аман калды, ал Фаршад Махдави Неджад аттуу бортинженер.

Ушу тапта он кишинин сөөгү таанылды:

  • Гафур Гаджаванд;
  • Мухаммед Багер Надери;
  • Джавад Сулеймани;
  • Мухаммед Абдоли;
  • Азизолла Ализаде;
  • Саид Касеми;
  • Ферейдун Шейхи;
  • Шейкер Аджарлу;
  • Марьям Зарей Неджад;
  • Али Афруг.

"Самолетто Мухаммед Реза Тахери, Мостафа Махмуди, Джавад Моради, Хамид Реза Лотфиан жана Давуд Золфагари болгон. Сөөк таануу процесси уланып жатат", — деп ISNA агенттигине сот-эксперттик департаментинин директору Мехрдад Али Бахши айтып берген.

Каза тапкандардын баары Ирандын жарандары.

Sputnik Кыргызстан агенттиги учактагы жүк кимге тиешелүү экенин аныктап чыккан.