"Вазир жакшы — хан жакшы, аял жакшы — эр жакшы" дегендей, бийлик башчыларынын көп жумушу алардын кеңешчилеринен көз каранды эмеспи. Кеңешчилер адатта эл көзүнөн оолак болот, көрүнбөйт, көмүскөдө. Анткен менен өлкөнү башкарууга тымызын таасири бир топ.
Sputnik Кыргызстан агенттиги президент менен премьер-министрге кандай адамдар акыл айтарына жана алар буга чейин кайсы кызматтарда иштегенине кызыгып көрдү.
Ушу тапта өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун да, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин да үчтөн кеңешчиси бар.
Президенттин кеңешчилери
Муратбек Шайымкулов
Муратбек Шайымкулов 58 жашта. Президенттин кеңешчиси болуп 2017-жылдын 27-ноябрында дайындалган. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында төрөлгөн.
Эмгек жолун Москва мамлекеттик университетинде аспирант болуп баштап, саясатка 2000-жылдары келген. Жогорку Кеңеш, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын кеңешчиси болгон. 2012-жылдан 2015-жылга чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси болгон. Ал учурда парламентти Асылбек Жээнбеков башкарчу.
2016-жылы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп иштеп, президенттик шайлоодон кийин өлкө башчынын акыл айтаар кишиси болуп калган.
Айбек Азыранкулов
Айбек Азыранкулов 40 жашта. Президентке кеңешчи болуп 2018-жылдын апрель айында келген. Чүй облусунун Панфилов районундагы Чалдовар айылында туулган. Билими боюнча психолог. Бишкек гуманитардык университетинин психолог-практик адистигин аяктаган.
2009-жылы ЖК депутаты, 2010-жылы апрель окуясынын кийин Чүй облусунун губернатору болуп дайындалган. Үч жыл иштегенден кийин эмгек, миграция жана жаштар министри болгон. Ачык булактарга таянсак, Азыранкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өкүл баласы.
Дастан Догоев
Догоев Лондон Кавендиш колледжинде бизнести башкаруу жана Кингстон университетинин бизнести башкаруу адистигинин бакалавр бөлүмүн бүтүргөн. Президенттин кеңешчиси болуп иштегенге чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарчу.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчилери
Бакыт Калмуратов
Бакыт Калмуратов 32 жашта. Өкмөттө камсыздоо бөлүмүн жетектейт. Өкмөт башчынын кеңешчиси болуп 2018-жылдын март айында дайындалган. Калмуратов Нарын облусунун Нарын шаарында төрөлгөн. Эл аралык университеттин экономика жана бизнес мектебинин менеджмент бөлүмүн аяктаган. Андан соң Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын муниципалдык башкаруу факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун Соцфонддо пенсия дайындоо бөлүмүндө аткаруу адиси болуп баштап, 2017-жылга чейин аталган фонддо ар кандай кызматтарды аркалап келген. 2017-жылы биринчи вице-премьердин (Абылгазиев) кеңешчиси, 2018-жылдын март айынан апрель айына чейин президенттин аппарат жетекчисинин (Абылгазиев) жардамчысы болуп иштеп, 2018-жылы өкмөт башчынын кеңешчиси болуп дайындалган. Эки кыздын атасы.
Азамат Мукашев
Азамат Мукашев 55 жашта. Премьер-министрдин айыл чарба өндүрүш комплекси жана экология маселелери боюнча кеңешчиси. Скрябин атындагы айыл чарба институтунун агроном адистигин аяктаган. Андан соң Украинадагы бүткүл дүйнөлүк генетикалык-селекциондук институттун аспирантура бөлүмүн бүтүргөн. Ошондой эле Эл аралык университеттин экономика жана бизнес факультетинде магистратурада билим алган. Аймактарда айыл чарба, экономиканы өнүктүрүү боюнча эксперт, айыл чарба өндүрүш тармагында аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык долбоорлор менен иштеген.
Эдуард Турдалиев
Эдуард Турдалиев 37 жашта. Ысык-Көл облусунда төрөлгөн.
Эске салсак, буга чейинки премьер-министр Сапар Исаковдун 11 кеңешчиси бар болчу.