Кеме курган киши өтүкчүгө таң калыптыр. Уста тууралуу

Уста десе жыгач кармаган же темир иштеткен кишини элестетебиз, албетте. Бирок уста деген түшүнүк өтө кеңири мааниге ээ. Андан ары ой жоруп көрөлү, чогуу күбө болуңуздар...
Sputnik

Тизгин жаяр

Заман талабына ылайык ар кимибиз ар тармакта билим алып бир кесиптин ээси болгонго аракет кылабыз. Бирок жогорку билим кишинин Теңирден буйруган касиети, өзөгүндө бугуп жаткан өнөрү, канында кайнап турган ички дараметин ачабы? Анткени ар бир киши табиятынан бир ишке маш, бир өнөргө шыктуу жаралат эмеспи. Бир кесипти аркалап, өмүр өтөлгөсүндө ошону менен жашап, бирок жараткандан буйруган касиети, өнөрү ачылбай кеткен адамдар да арбын. Демек, өмүрдөгү маанилүү нерсе —кишинин өзүн-өзү таанып, өз өнөрүн ача билгени окшобойбу. Киши өз өнөрүн таанып, ички дараметин ачканда гана ошол өнөрдүн адисине, чеберине, устасына айланат.

Уста деген ким?

Көрөөр көзүм көз жарды... Адамдын сырын жашыра албаган көз тууралуу
Уста — бир өнөрдүн, кесиптин жеткен чебери, ашкан адиси. Аныктап айтканда өнөрдүн устасы, ошол өнөрдүн өзөгүнө үңүлүп кирген, жараткандын өзүнө буйруган жарлыгын билген, ошого ылайык өз касиетин ача алган адам. Алсак, жыгачтын чыныгы устасы жыгач менен сүйлөшөт дешет. Ал эми темир уста же зергер ошол заттардын тилин билет.

Жалпы жонунан өнөрдүн түрүнө карай темир уста, жыгач уста, үй курган уста, зергер, кырмачы болушу мүмкүн. Бир өнөрдүн же кесиптин мыктысын да өз ишинин устасы экен дешет. Демек, уста — бул бир иштин чебери.

Устанын түрлөрү

Колунан көөрү төгүлгөн, ишмердиги колунда болгон кишилерди "колу билет турбайбы" дешет. Ал эми ишмердиги тилинде болгон чечендерди "кара сөздүн устасы экен" дешет. Жакшы тикмечини "шайы-бөздүн устасы", ал эми манасчыны "сөздүн устасы" деп аздектешет. Элге алынган эл шайырларын "өнөрдүн устасы" дешет. Демек, ашкан адис, "мастер" деген түшүнүккө шайкеш.

Усталар уламышы

Кыргызда устачылыктын пири — Дөөтү. Элдик уламыштарда сынган ташты да эптештирип жигин билгизбей жамаган мыктылыгы менен даңазаланат.

Адамдын кандай экени сунган аякты алганынан билинип... Кымыз ичүү салты
"Ашагандан машаган, Бөлөкбай уста жасаган" деп эпосто айтылгандай, Бөлөкбай уста темир иштетүүнүн чебери болгон. Анын колунан чыккан куралдардын атагы алыска тараган. Аян менен Манас деген баатыр тууларын билип, курал-жарагын толугу менен жасагандыгы айтылат. Дөөтүнүн өзү менен достошкон Төкөр уста колдогон Бөлөкбайдын асмандан түшкөн алты курчтун да курчтугун ашырып курал жасаганы айрыкча белгиленет.

Чыгыш элдеринде Букар мунарасын курган уста жөнүндө уламыш бар. Өз кезегинде ал Букардын түптөлүшүндө чоң орду бар атактуу устага шакирт түшөт. Мунара курууну мыктылап өздөштүрөт. Ал үчүн, албетте, устатынын оту менен кирип, күлү менен чыгат. Болуп-толуп, өз алдынча мунара куруп, аты элге билинип калган кезинде анын усталыгы алыска угула баштайт. Өз ишине маашырланган ал: "Мен устатымдан да мыкты болдум. Мыктылыгымды ал курган мунаралардан алда канча бийик мунара куруп далилдейм",- дейт. Ошентип Букар мунарасын кура баштайт. Эл арасында аны кубаттагандар көбөйөт. Тетирисинче "суу ичкен кудугуна түкүрдү, устатынын кусуру урат" деп кооптонгондор, жектегендер да чыгат. Мунара болсо күндөн-күнгө бийиктейт. Устаты курган Букардын бардык курулуштарынан ашат. Кышын кынап отуруп, акыркысын коердо мунаранын башынан учуп кетип көз жумат. Бир кыш ошону менен койулбай калат. Эл арасында "устанын менменсингени- мертингени" деген сөз ошондон калган.

Устанын орду

Шыбага, кешик, табак түптүн мааниси эмнеде? Ырымга жасалчу азыктар
Азиз кандын доорунда "кара сөздүн устасы" деп Жээренче чеченди, "саяпкерликтин, сынчылыктын устасы" деп издеттирип Толубай сынчыны, "улуу сөздүн устасы" деп Токтогул ырчыны (Токтогул Сейдаалы уулу), "көсөмдүктүн устасы" деп Алымкул түшчүнү кандар-бектер жанына ала жүргөнү да тегин эместир. Өнөрдүн усталарын төргө отургузуп, сүйлөгөн сөзүнө, айткан акылына маашырланып, алдына ат тартып, үстүнө тон жаап барктаган.

Темирдин, жыгачтын, зер усталарынын жасаган эмгегин баалай билип, айтса ал акыдан ашырып берип устанын көңүлүн ооруткан эмес. Эл арасында азыр да "устанын көңүлү калбасын, айтканын бер" дегендерин угуп калабыз.Үй курарда да уста багуу деген түшүнүк биринчи орунга чыгат. Алардын тамагын бапестеп даярдап, иши бүткөндө айткан акысын берип жылуу-жумшак узатып коюу милдет.

Тизгин жыяр

Кеме курган кишинин өтүгү жыртылып калып көнчүгө келет. Көнчү заматта өтүгүн ултарып бере коюптур. Анын иштегенине маашырланган кемечи: "Бали, ушундай сонун өнөрүң бар турбайбы, колуңдан көөр төгүлөт экен",- деп алкап, өз ишинин ушунчалык чебери экендигине таң калып, башын ийген экен. Демек, өтүкчүбү, машина куруучубу, өз ишин мыкты билсе, ошону менен катар менменсинип жардан алыс кетпей эл үчүн иштесе, анан да анын эмгегин эли баалап турса деген изги тилек…