Кош жарандыгы үчүн мандатынан ажыраган депутат шайлоо комиссиясын сотко берет

Бишкек мэриясы. Архив
Жусупбек Коргонбай уулу Россиянын жараны экени аныкталгандан кийин 19-декабрда мандатынан кол жууган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешине "Республика — Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген Жусуп Коргонбай уулу мандатынан ажыраганы үчүн аймактык шайлоо комиссиясын сотко берет. Бул туурасында экс-депутат Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Изготовление 10 тысяч нагрудных знаков для депутатов местных кенешей
Чуулуу төш белгилер депутаттарга эки жылдан кийин тапшырыла баштады
Коргонбай уулу Россиянын жараны экени аныкталгандан кийин 19-декабрда мандатынан кол жууган. Аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматовдун айтымында, 2018-жылдын жайында комиссия Россиянын Юстиция министрлигине депутаттын жарандыгы тууралуу маалымат сурап кайрылышкан. Россия тарап Коргонбай уулу 2007-жылы Россиянын жарандыгын алганын жана ал бүгүнкү күнгө чейин жарактуу экенин билдирген.

"Учурда адвокаттар иштеп жатат. Мыйзамсыз түрдө мандатымдан ажыратты деп сотко кайрылабыз", — деди Коргонбай уулу.

Экс-депутат Россиянын жарандыгын албаганын айтууда.