Үйүндө ит, мышыгы бар балдар аллергия менен аз оорушат

Профессорлор 7-8 жаштагы 1029 жана 8-9 жаштагы 249 баланын маалыматтарын анализдеп чыгышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Швед окумуштуулары ит, мышыгы бар үйдө чоңойгон балдар жүн жана чаңга болгон аллергияга туруктуу келерин аныкташты. Бул тууралуу Plos ONE журналы жазды. 

Ден соолукту жабыркатчу чаңдын курамындагы заттар аталды
Гетерборг университетинин профессорлору 7-8 жаштагы 1029 жана 8-9 жаштагы 249 баланын маалыматтарын анализдеп чыгышкан.

Үй жаныбарлары жок үй-бүлөдө чоңойгон балдардын 48-49 пайызы аллергиядан жабыркаган. Үйүндө бир эле жандык жашаган балдардын 35-43 пайызы аллергиядан жапа чеккен. Ал эми үйүндө беш үй жандыгы жашаган үй-бүлөлөрдөгү эки бала аллергия менен такыр ооруган эмес.

Мындан улам окумуштуулар кичинекей бала үй жаныбарлары менен кошо чоңойсо иммундук системасы бекемделет деген бүтүмгө келишкен.