Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Чүрөктөй перинин жан кейиткен баянын уктум

Кутман таң, туугандар! Жакшы жатып, жай турдуңуздарбы?
Sputnik

Бири кем дүйнө… "Алматыдагы жеке компанияда сатуу иштери боюнча менеджер болуп иштечүмүн. Үйдөгүлөргө учурашайын деп Бишкекке келе жатып жол кырсыгына кабылганбыз. Өпкөм тешилип, омурткам, кабыргам, бир бутум сынган. Кудайым чоң эле сактады. Ошондон бери баспайм. Төштөн ылдый жан жок, тиштесеңер да, ийне сайсаңар да сезбейм" дейт өзүн "өзгөчө Гүлзана болгонума үч жыл болду" деген келин.

Дал ушул айым азыр майып кыздардын башын бириктирип, "Биз барбыз" жана "Кыргызстанда гүлдөгөндөр" аталышындагы фотодолбоорлорду ишке ашырып келе жатыптыр. Чүрөктөй болгон перилердин сүрөттөрүн көрүп суктанбай кое албайбыз. Бирок алардын тагдырын окусаң жүрөк тилинип, көзгө жаш тегеренет. "Бири кем дүйнө" деген ушу экен да…

Ар кимдин башына Кудай ар кандай сыноо берип сынайт турбайбы… Аны көтөрбөскө аргабыз да жок. Ошондуктан буту-колубуз соо, жакындарыбыз жаныбызда жүргөнүнө шүгүр келтирип жашайлычы!

Кыздын деле ыйманын тилеш керек. Оштогу окуучу кыздардын мушташы кечээ соцтармак колдонуучуларын ызы-чууга салды. Үрөйү учкан энелер "укук коргоо органдары эмнени карап жүрүшөт" деп айгай салып жиберишти. Интернетке тарап кеткен видео боюнча Ош шаардык милициянын маалымат кызматы түшүндүрмө берип, "видео мурдагы мушташтын башка тарабынан тартылган" деп айтты. Эске салсак, буга чейин да окуучу кыздар мушташкан ушундай окуя катталган.

Анчалык эле мушташкылары келип жатса, машыгуу залына барып, спорттун бир түрүнө жазылып, күчтөрүн Антонина, Валентина Шевченколор сыяктуу рингден сынашпайбы. Узаган ишембиде Антонина Шевченко Америкадагы белгилүү UFC мушкерлер уюмунда (Ultimate Fighting Championship. — ред.) дебюттук кармашын өткөрүп, түштүк кореялык спортчу Жи Йон Кимди калыстардын чечими менен утуп алган. 

Саясат жаатындагы жаңылыктарга да токтоло кетели. Өлкө башчы Жээнбеков акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алып, кечке маал бир нече элчини алмаштырды. 

Элчи демекчи, кабарчыбыз Расул Үсөналиев Кыргызстандын ээсиз турган элчиликтерин тизмектеди. 

Баса, бүгүн кыргыз-өзбек киночуларынын биргелешип тарткан "Делбирим" тасмасынын бет ачары болот. Тасмада Байтемирдин образын жараткан өзбек актеру Улугбек Кадыров Кыргызстанга келип, аны менен кабарчыбыз Эламан Карымшаков маектешти. 

5-декабрга караган түнү ЖМК беттерине Кадыржан Батыровдун өлүмү тууралуу маалыматтар тарады. Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып издөөдө жүргөн Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыров 62 жашында Одессада каза болду. Эмнеден улам көз жумганы азырынча белгисиз экен.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Пенде пейилинен табат.

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.