Чет өлкөдө жүргөн Кадыржан Батыров каза болду

© AP Photo / Sergei GritsЖогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыров. Архив
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыров 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө июнь окуясына тиешеси бар делип сыртынан соттолуп, өмүрүнүн акырына чейин кесилген.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып издөөдө жүргөн Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыров 62 жашында Одессада каза болду. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жакындары тастыктады. 

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Прокуратура: Кыргызстан Үсөновду (Урицкий) алып келүү оюнан кайтпайт
Эмнеден улам көз жумганы белгисиз. Сөөгү кайсы жерге качан коюлары азырынча айтыла элек. 

Кадыржан Батыров 1956-жылы 9-мартта Жалал-Абадда туулган. Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун лидери болгон. Батыров улут аралык араздашууну козутуп, 2010-жылкы Ош коогалаңын уюштурууга катыштыгы бар деп өмүр бою эркинен ажыратылган.

Ачык маалыматтарга караганда, Батыров Швециядан саясий башпаанек алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0