Катар ОПЕКтен чыкканы жатат. Себеби айтылды

ОПЕК уюмунун максаты — мунай өндүрүү квотасын көзөмөлгө алуу.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Доха мунай экспорттогон өлкөлөрдүн уюмунан (ОПЕК) чыкканы жатат. Мындай чечим кабыл алынганын Катардын энергетика министри Саад бен Шрид аль-Кааби жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Министр өлкө мунай эмес, газ жана суюлтулган газды өндүрүүгө басым жасоону чечкенин белгилеген.

"Катар 2019-жылдын 1-январынан тарта ОПЕКтен чыгууну чечти. Дүйшөмбү күнү бул боюнча уюмга билдирме жөнөтүлөт", — деп Саад бен Шрид аль-Кааби билдирген.

Катар суюлтулган газды өндүрүү көлөмүн (1 жылда) 77 миллиондон 110 миллион тоннага жеткирүүнү пландап жатат. Буга чейин аталган өлкө 2024-жылга чейин суюлтулган газ боюнча өндүрүштүк төрт линия ишке кирерин жар салган. Катар учурда бул сырьену сатуу боюнча эң ири экспортчулардын бири болуп эсептелет.

Доха ОПЕКтен чыкканы менен эл аралык келишимдердеги шарттардын бардыгын аткарууну мойнуна алып жатат.

Ал эми 6-7-декабрь күндөрү Венада министрлердин ОПЕК+ жолугушуусу болуп, мунай өндүрүүнү азайтуу маселеси талкууланат.

ОПЕК уюму

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кескин кымбатташы ыктымал
Мунай экспорттогон өлкөлөрдүн уюму (ОПЕК) — эл аралык өкмөттөр аралык бирикме мунай өндүргөн мамлекеттер тарабынан түзүлгөн. Максаты — сырьену өндүрүү квотасын көзөмөлгө алуу.

ОПЕК уюмуна Алжир, Ангола, Венесуэла, Габон, Иран, Ирак, Конго, Кувейт, Катар, Ливия, БАЭ, Нигерия, Сауд Аравия, Экватордук Гвинея менен Эквадор кирет. Уюмдун мүчөлөрү мунайдын дүйнөлүк запасынын үчтөн эки бөлүгүн көзөмөлдөйт. Россия болсо байкоочу катары катышат.

2016-жылы ОПЕКтин мүчөлөрү менен уюмга кирбеген бир нече өлкөлөр мунай өндүрүүнү кыскартууну сүйлөшкөн. Кийинчерээк келишимди 2018-жылдын аягына чейин узартышкан.

Доха ОПЕКке 57 жылдан бери мүчөлүк кылып келет.