БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында өлкө өкмөтүнүн мурунку жетекчилери жана парламенттин экс-спикерлери менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу мамлекет жетекчиси Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енчаны кабыл алуу учурунда айтты.
Өлкө башчынын маалымат кызматынын айтымында, Жээнбеков жылуу учурашып, ар кандай деңгээлдеги байланыштар Кыргызстандын БУУ менен болгон кызматташтыгынын жогорку деңгээлинин көрсөткүчү экенин белгиледи.
Андан тышкары, Енчага Нью-Йорк шаарында 2018-жылдын 24-сентябрында өткөн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына катышып, колдогону үчүн ыраазычылык билдиргени айтылат.
"Мен ишкерлик жана жарандык коомчулук, чет мамлекеттерде жашаган мекендештер жана жаштар, өлкөнүн донорлору менен бир катар жолугушууларды өткөрдүм. Үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында өлкө өкмөтүнүн жана парламентинин мурдагы башчылары менен жолугушууну пландап жатам. Бул биздин коомдун көз карашын аныктап, бардык тараптарды бириктирүүгө болгон жаңы практика", — деп белгиледи Жээнбеков.
Ал 2019-жылдын жаз айларында Кыргызстанда Донорлор конференциясы өтөрүн жана анда БУУнун жогорку өкүлү катышарына үмүт артты.
"Бул көргөзмө Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында өтүп, көптөгөн жетекчилер, мамлекет башчылар жана делегация мүчөлөрү аны менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты", — деп белгиледи Мирослав Енча.
Ал БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутеррештин жылуу саламын айтып, Кыргызстан жана БУУнун ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп өттү.
Баса, бүгүн Сооронбай Жээнбековдун туулган күнү. Маалымат кызматы президент 60 жаш кутман курагын кантип тосорун да айтып берди.