БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин жактырды.
Жаңы элчинин талапкерлигин тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова тааныштырды.
Эми өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койсо, Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалат.
Эске салсак, Жунусов буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болчу. Ал кызматка 2014-жылы дайындалган.
Ал эми Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков быйыл 5-мартта КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалгандан бери орду бош турган.