БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы 25 жылдын ичинде каза болгон журналисттер Бишкек шаарында эскерилди.
Атайын иш-чарада маркумдардын сүрөтү коюлган чакан галерея ачылып, көзү өтүп кеткен журналисттердин сүрөттөрү коюлду.
Эскерүүгө маркумдардын жакындары, коомдук, мамлекеттик ишмерлер менен журналисттер катышты.
Уюштуруучулардын айтымында, акыркы 25 жылдын ичинде 120 журналист ар кандай кырдаалда каза болгон.
Бүгүн, 7-ноябрда Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленип жатат.
Sputnik Кыргызстан агенттиги 2018-жылда көз жумган журналисттер туурасында материал жасады.