Кыздарым көзүмөн учат, бирок бара албайм. Мигрант келиндин каты

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
Sputnik

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында эки баласын Кыргызстандагы өз энесине калтырып коюп, чет өлкөдө иштеп жүргөн мигрант келиндин тагдыры баяндалат.

Бактысыз балалыгым

Эмчектеги балам менен көчөдө калдым. Кайын журту кууп чыккан келиндин арманы
Балалыгым башкалардыкындай деле өткөн жок. Атам аракты жакшы көргөн неме болчу. Байкуш апам, ага кыйындыгынан эле чыдады окшойт. Ичип эле тим болбой апама, апам жокто бизге да кол көтөрчү. Атам ичип алыптыр деген күнү үйгө түнөмөй жок. Бир күнү кошунаныкына, экинчи күнү дагы бир тууганыбыздыкына качып бармай. Кээде уялганыбыздан короодогу бактын түбүнө, бийик чөптүн арасына жашынып уктап калган күндөр болду. Атам издеп чыкканда жүрөгүбүз оозубузга тыгыла түшчү. Таппаса экен деп Кудайдан зар какшап тиленчү элек. Ал күндөр да өттү. Атам катуу ооруга чалдыгып, мен мектепте окуп жүргөндө каза болуп калды.

Төрт бир тууганбыз, мен үйдүн улуусумун. Арак менен алышканы аз келгенсип, апам жакыр жашоонун да азабын тартты. Эл катары эки коюбуз да жок болчу. Айла кеткенде мектепте пол жууп иштеди. Кол-арага жарап калгандан кийин эле апама жардамдашып, пол жууп, ар кимдин жумушун жасап жүрдүк. Жогорку окуу жайды кыялданган да жокмун. Анткени апама жардам беришим керек болчу. Шаарда да мен иштебеген кара жумуш калган жок.

Бакыт жылмайды, бирок көпкө созулган жок

Ошентип тытынып иштеп жүргөн кезде айылдаш бир бала мени көптөн бери жакшы көрөөрүн айтып, колумду сурады. Бир жыл сүйлөшүп жүрүп, ата-энесинин "ал аракечтин кызы" дегенине болбой үйлөнүп алды. Мен да каршы болгон жокмун. Ата мээримин көрбөгөнгөбү, айтор күйөөмдү жакшы көрчүмүн. Аны менен кыз-жигит болуп жетелешип жүргөн учурда, ага турмушка чыгып, балалуу болгон кезде менден өткөн бактылуу киши жоктой сезилген. Бирок ал жыргалым көпкө созулган жок. Кайын-журтум барган сайын мени "эптеп жашаган жердин кызы" деп теңине албай, ал аз келгенсип апамды кудагый катары кабыл албай коюшту. Экинчи кызымды төрөгөндөн кийин кайнене, кайнежелеримдин сөзүнө чыдабай кетип калдым. Күйөөм болсо, "апасынын тилин албай аялын ээрчип кетиптир" деген айылдаштардын кебинен намыстанып унчукпай тим болду. Артыбыздан келген жок.

Мигрантмын

Кызым мени жек көрөт, кол да көтөрчү болду. Айласы кеткен эненин тагдыры
Элдин кеп-сөзү чучукка жеткенде айылдагы үй-жайды сатып шаарга көчүп кеткенбиз. Эптеп жер алып, үйдүн пайдубалын тургузгандан кийин акча тартыш болуп, айла кеткенде эки баламды апама таштап, чет жакка кетүүгө туура келди. Иним экөөбүз бир жылдан бери Россиядабыз. Ал курулушта, мен дүкөндө соода кылам. Сиңдилеримди биз окубасак дагы силер билим алгыла деп ЖОЖго өткөрдүк. Азыр улуу кызым төрткө, кичүүсү экиге чыгып калды. Чалып сүйлөшкөн сайын: "Апа, качан келесиз?" — деп ыйлашат. Байкуш апам болсо эрте эле карып калды. Ооруса да мени аяп, "кыздарың жакшы, эч ойлонбой иштей бер" дейт. Апамды аяп, кыздарымды сагынсам да айла жок иштеш керек. Кээде жумуштан кыйналып бутумду тарта албай келген күндөрү баарын таштап басып кетким келет.

Кыргызстанга кетип калсамбы дейм, барганда кайсы кыйраткан жумушта иштемек элем деп токтоп калам. Бирок бул жакта да калгым келбейт. Толук кандуу үй-бүлөгө зар болуп балдарым, апам, көзүмөн учат…

Кадиян Бообекова. Психолог

Азыр ар бир экинчи үй-бүлөдө миграцияга байланышкан маселе бар. Бул келинге окшоп балдарын чоң ата, чоң апасына, таята-таенесине таштап чет жакта иштеп жүргөн ата-энелер, жалгыз бой кыз-келиндер толтура. Алар деле балдарын эч нерседен кем кылбай багайын деп иштеп жүрөт. Бирок балага убагында мээрим, тарбия бериш керек, балдар да ата-энеси жанында болуусун каалайт. Ата-эненин мээримисиз чоңойгон бала мерез болуп калышы мүмкүн.

Ошондуктан бул келинге айтаарым, Кыргызстанга эле келип кыздарынын жанында болсун. Эгер бул жактан жумуш табылбай жатса, апасы менен кыздарын жанына алып алсын. Балдарынын келечегин ойлогону жакшы, бирок маселе бала багуу же келечектин гарантиясында эмес, маселе татыктуу тарбия берүүдө. Кыз кишиге эненин тарбиясы сөзсүз керек. Акча чогултуп үй салам деп жүрүп, балдарынын кантип чоңойгонун көрбөй калат.

Аялым башканы таап алган окшойт. Жубайы чет жакта иштеп жүргөн эркектин баяны
Бир туугандарыма, үйгө жардам берем деп жатат. Кичинесинен бардык түйшүктү өз мойнуна алып, туугандарын да, өзүн да ошого көндүрүп койгон. Аларга жардам бермейинче, өзүнө-өзү ыраазы болбойт. Бул бир четинен жакшы, бирок өзүнүн жеке жашоосун да унутпашы керек. Келин өзүн, жеке жашоосун экинчи орунга калтырып койгон. Эгер азыр аракет кылбаса, анда өмүр бою эле ушинтип өтүп кетет. Балким, кайненеси дагы келининин туугандары үчүн өтө эле күйүп-бышканын, тапкан-ташыганынын баарын ошолорго берип, туугандары үчүн жашап жатканы үчүн баласын ажыраштырып алгандыр. "Чыккан кыз чийден тышкары" деген кыргыздын жакшы сөзү бар. Өзүнчө бүлө болгондон кийин өзүңдүн кичи мамлекетиңди өнүктүрүш керек. "Жардам бербей койгула" деп айтпайм, бирок өзүңөрдү да ойлогула.