Аттан кулап ылайга булганган улакчылар. Көк бөрү чемпионатынан укмуш сүрөттөр

Sputnik

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Sputnik Кыргызстанга өлкө чемпионатынан алынган ирмемдерди жиберди. Биз ошол укмуш сүрөттөрдү окурмандар менен бөлүшүүнү эп көрдүк.

Бүгүн Көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Оюндар Ош облусунун "Төлөйкөн" ат майданында өткөрүлүп, беш күнгө созулду. Анда өлкөнүн жети облусу жана Бишкек, Ош шаарларынан куралган 9 команда ат салышты.

Кылымдын кыйырынан келген көк бөрү
Алардын ичинен Чүй менен Ысык-Көл облустары суурулуп чыгып финалда кез келишти. Анын натыйжасында Чүйдүн улакчылары атаандаштарын 5:1 эсебинде утуп чемпион аталды. Ал эми коло байге Талас облусуна буйруду.

Финалдык оюн баштааларда ат майданга президент Сооронбай Жээнбеков келип көк бөрүчүлөрдү куттуктап кеткен.

Сыйлыктарды Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, калаа мэри Таалай Сарыбашев, Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов жана Эльдар Айтматов тапшырды.

Белгилей кетсек, мелдештер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган.

Байгелер төмөндөгүдөй бөлүндү:

Биринчи орун — Чүй облусу, 500 миң сом;

Экинчи орун — Ысык-Көл облусу, 250 миң сом;

Үчүнчү орун — Талас облусу, 100 миң сом;

Төртүнчү орун — Ош облусу, 80 миң сом;

Мыкты улакчы — Чүй командасынан Кубаныч Султан уулу, 10 миң сом;

Мыкты аргымак — Ысык-Көл командасынан "Золотой", 10 миң сом;

1 / 15
Көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты соңку жылдары өткөрүлбөй калган болчу. Быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулду.
2 / 15
Мелдештер Ош облусунун "Төлөйкөн" ат майданында өткөрүлдү. Алгачкы беттеш 29-ноябрда башталып, финалдык оюн бүгүн, 3-ноябрда болду.
3 / 15
Эрегишкен эрендер кармаган улагын коё бербей аттан кулап калганча аракет кылып жатты.
4 / 15
Чемпионатта өлкөнүн жети облусу жана Бишкек, Ош шаарларынан куралган 9 команда ат салышты.
5 / 15
Адаттагыдай эле улак менен кошо тай казанга ыргыгандар да болду. Негизи көк бөрүнүн мыкты аттары канча ылдамдык менен чуркабасын тай казанга жетери менен шарт токтойт.
6 / 15
Баш байге ээлери 500 миң сом акчалай сыйлык жана диплом, медалдар менен сыйланды.
7 / 15
Тай казандын тегерек четинде болгон тирешүүдө Чүй облусунун командасынын аргымагы жыгылып чабандеси туруп кетүүгө үлгүрдү.
8 / 15
Атаандаштарына жеткирбей озуп кеткен улакчынын командасы дагы бир упайды камсыздоо алдында турат. Аттын турганын караңызчы, ээсине абдан сонун мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө.
9 / 15
Каршылаштарынын айласын кетирип, айланып өтүп тай казанга ыргытып жаткандагы көрүнүш.
10 / 15
Финалдык оюндар башталганда жамгыр жаап жер ылай болуп калды. Ага карабай эрендердин эр оюну өз убактысынан кечикпей башталды.
11 / 15
Кокусунан аттан кулап кеткен учур да кездешти. Бирок бактыга жараша эч ким оор жаракат алган жок.
12 / 15
Көк бөрү өтө экстрималдуу оюн болуп саналат. Ага карабай көк бөрү тартам деген кыргызстандыктардын саны арбын.
13 / 15
Күн суук болуп жатканына карабай финалдык беттешти көрүүгө келгендердин саны көп болду.
14 / 15
Экинчи орунду алган Ысык-Көл командасына 250 миң, үчүнчү орунду ээлеген Талас облусуна 100 миң сом ыйгарылды. Ал эми үй ээлери болгон Ош облусу төртүнчү орунга илинип 80 миң сом алды.
15 / 15
Орунга илинбей калган беш командага 50 миң сомдон ыйгарылды.