3-4 жаштагы кыздар кансырап келет. Балдар гинекологу Боромбаева менен маек

Балдар гинекологу Диля Боромбаева Sputnik Кыргызстан агенттигине жаш кыздардын гигиенасы, алгачкы айызы жана коркунучтуу илдеттери тууралуу айтып берди.
Sputnik

Бишкекте бардык эле үй-бүлөлүк дарылоо борборунан балдар гинекологун табуу мүмкүн эмес. Көрсө, борбор калаа Бишкекте эки эле балдар гинекологу бар экен. Сейрек кесип ээсинин бири Диля Боромбаева. Ал учурда калаадагы медициналык кеңеш берүү кызматы менен спорттук медицина борборунда иштей турганын айтты. Биз барган учурда элдин узун кезеги суюла элек экен. Көпчүлүгү 3-4 жаштагы кичине кыздарын кармаган энелер.

Сейрек, бирок өтө керектүү кесип ээси менен кабарчыбыз Таалайгүл Усенбаева маектешип келди. 

Детский гинеколог Диля Боромбаева

— Калаадагы бардык кичине кыздарды көрүүгө экөөңөр жетишесиңерби?

— Мен тээ совет мезгилинен тарта балдар гинекологу болуп иштеп келе жатам. Ошондон бери бул тармакта мен, анан дагы бир эле адис бар. Биз төрөлгөндөн тарта 15 жашка чейинки кыздарды көрөбүз. Негизи ар бир экинчи үй-бүлөлүк дарылоо борборунда өспүрүм кыздарды көргөн гинекологдор иштейт.

— Байкасам кезекке тургандардын көбү 3-4 жаштагы кыздарын жетелеген келиндер экен. Булар көбүнчө кандай диагноз менен кайрылышат?

— Азыр дагы анча көп эмес. Жайында киши деген эшиктин түбүндө жыйылып калат. Норма боюнча бир күндө 15-16 киши кабыл алышыбыз керек болсо, жайкысын 20-30дан ашык ата-эне кыздарын алып келет. Анткени ал кезде биринчиден балдар эс алууга тарайт, экинчиден ошол кезде инфекциянын сезону болот.

Мастит, матка, климакс... Гинекологиялык сөздөрдүн кыргызча аталышы
Көпчүлүк учурда мектеп курагына чейинки кыздардын тынчын алган нерсе бул — вульвовагинит (жыныстык мүчөнүн ичиндеги былжыр челдин сезгенүүсү) жана вульвит (жыныстык мүчөсү кызарып, кычышуусу). Ал эми өспүрүм курактагы кыздарды ошол вульвит менен вульвовагинитти убагында дарылабай, андан киста болуп (жыныс мүчөсүнө ириң толуп) кеткенде гана алып келишет. Киста көбүнчө сезгенүүдөн өрчүп кетет. Аны жакшылап, комплекстүү дарылабаса, жарылып же көбөйүп кетүүсү мүмкүн. Ошондой эле свищ (көңдөйчө) менен кайрылгандар бар. Башкача айтканда, жыныс мүчөсүнүн ичи менен көтөн чучуктун ортосунда тешик пайда болуп, ичегиге келген нерсенин баары арттан эмес, жыныстык мүчө аркылуу чыгып калат. Мындай патологиялык оору менен төрт-беш айлык ымыркайларды алып келишет, өспүрүм кыздар да кездешет. Бирок аны №3 балдар ооруканасынан операция жолу менен жасап, дарылашат.

Кичинекей кыздардын арасында синехия деген көп болот. Анда жыныстык эриндер жабышып, туюк болуп калат. Муну убагында дарылап, ачыш керек. Чоңдордун гинекологдору мындайды көп кездештирбегендиктен, жакшы билишпейт. Анан айрым бейтаптарга "чоңойгондо өзү эле ачылып калат" деп коюшат. Бирок ал кийин өзүнө келбейт, аны убагында ачыш керек, аба кирип турган жакшы. Эгер туюк бойдон жүрө берсе, ал жерде чөнтөкчө пайда болот дагы, заара жакшы кетпей баягы чөнтөкчөгө вирус, бактерия толо берет. Жыйынтыгы аянычтуу болуп калышы ыктымал. 

Детский гинеколог Диля Боромбаева

— Мындай ооруларды алдын алуу үчүн эмне кылыш керек?

— Кичине кыздардын жыныстык мүчөсү кызарып, кычышып, андан ак түстөгү суюктук чыкса, дарыгерге алып барыш керек. Себеби ошол нерсенин баары билинбей жүрүп кистага айланып кетиши мүмкүн. Кыздын гигиенасы — бул башкы нерсе. Ошондуктан гигиенаны сактап, баланын тамактануусуна да көңүл бөлүү зарыл.

— Гигиена боюнча айтып берсеңиз?

Энеси кызынын сөөгүн кучактап, каткырып жатты. Окту аралаган кыргыз дарыгердин маеги
— Кичинекей кызбы, өспүрүмбү, айтор, уктаардын алдында алардын жыныстык мүчөсүн сөзсүз жууп жатыш керек. Көбүнчө энелер "кызымдыкын эки күн жуубай койсом кызарып кетти" деп келишет. Жууш керек, себеби, күн сайын норма боюнча кыздардын жыныстык мүчөсүнүн май чыгарган бездеринен ак нерсе чыгып турат. Аны күндө жууп, алып турбаса кычыштырат, ачыштырат. Күндө самындап, марганцовкалап жууй берген болбойт, анткени былжыр чел өзү кургак болот дагы самын аны ого бетер кургатып жиберет. Бул кайра синехия — жыныстык эриндердин жабышып калуусуна алып келет. Анан жууганда да арттан алдыны көздөй эмес, алдыдан артты көздөй жууган оң. Балдардын ич кийимин кир жуучу машинкага эмес, өзүнчө жууган жакшы, анткени кир жуучу порошокторго да аллергия болушу мүмкүн.

Эгер кыз баланын жыныстык мүчөсүнөн суюктук чыгып, ооруп жатса, анда аны кайнатылган суу менен жууган жакшы. Былжыр чел кургап кетпеш үчүн атайын суу майлар чыккан, ошолорду колдонсо болот. Мындан сырткары, жыныстык мүчөсү сезгенип калса, кичине кыздардын тамактануусун дагы көзөмөлдөш керек. Бул учурда балага таттуу, кызыл, цитрус, туздуу тамак, чипсы, кириешки, газдалган суусундуктарды таптакыр бербеш керек. Булар зыянын тийгизет. 

Детский гинеколог Диля Боромбаева

— Бейтаптардын арасында коркунучтуу илдеттер менен келгендер болсо керек?

— Жыныстык мүчөсүнөн эки-үч айлап кан токтобой келген өспүрүм кыздар болгон. Өздөрү аны айыз деп ойлоп жүрө беришет да, качан гемоглобини 120дан 50гө түшкөндө келип бизди да түйшөлтөт. Мен №3 балдар ооруканасында иштеп жүргөн кезде бир кыз гемоглобини 50гө чейин түшүп кетип келди. Көрсө, эки айдан бери кан келип токтобой жатыптыр. Айрымдары айыз менен жөнөкөй канды алмаштырып алышат да жүрө беришет. Этек кирдики коюу каралжын кан болот, ал эми гормоналдык бузулуу болгондо ачык түстөгү кан келет. Гормоналдык бузулууну гормон менен гана дарылайбыз. Айрымдарынын ата-энеси андан коркот. Гормонду биз кичине кыздарга аз-аздан гана берип нормага келтиребиз. Гормон жардам бербей калган учур жаман. Практикамда ушуга байланыштуу бир окуя болгон. Интернатта жатып окуган 15 жаштагы кыздыкы токтобой кан келип, гормон да жардам бербей калганда дарыгерлер айласы кетип, аны чоң аялдардыкындай кылып операция жолу менен тазалаган.

Наристе жытына зармын! Кыргызстанда бала багып алуунун түйшүгү канчалык?
Кээде жыныстык мүчөсүнөн кан агып жатат деп 3-5 жаштагы кичинекей кыздарды алып келишет. Эмне болду десек "этек кири эрте келди го" деп жооп беришет. Бул куракта кайдагы айыз? Мазок алып, анализге жиберсек жыйынтыгы жаман чыгат. Анткени ата-энеси кызынын жыныстык мүчөсү сезгенгенде жакшы дарылабай койгон. Кээде инфекциядан кан тамырлар жооноюп, ал жактан кан аралаш суу чыгат да аны ата-эне айыз деп ойлоп алат. Негизи кичине кыздардыкы антип кан аралаш суу келбеши керек. Ал онкологиянын белгиси. Кудай сактап анализдери жакшы чыкса дарылайбыз, болбосо аны менен онкологдор иштейт. Ошондуктан убагында дарылоо керек.

— Айыз деп калдыңыз. Негизи азыр кыздардыкы канча жаштан баштап этек кири келсе норма деп эсептелет?

— Биздин убагыбызда кыздардын биринчи этек кири 15-16 жашында келсе нормалдуу көрүнүш болчу. Азыр 15 жашка чейин айыз цикли келбесе, анда аны дарыгерлерге сөзсүз көргөзүш керек. Анткени жаш куракта өзгөрүүлөр болуп, азыркылар эрте жетиле баштады. Мунун баарына жеген тамак-аш, экология таасирин тийгизип жатса керек. Көбүнчө толугураак, чоңураак кыздардыкы этек кири эрте келет. Анын үстүнө азыр 10 жаштагы кыздар 14 жаштагыдай, өз курагынан алда канча улуу көрүнүшөт. Эрте жетилген, кеч жетилген кыздар болот. Негизи азыр өспүрүм кыздардын этек кири 10 жаштан 15 жашка чейин келиши керек. Кыздар этек кири келгенде апасына айтпай уялып жүрө бериши мүмкүн. Ошондуктан эне жогоруда мен атап кеткен куракта кызына көбүрөөк көңүл буруп, кеңеш берип, ортодо ишенимдүү мамиле болгону оң. Эгер 15 жашка чыккан кыздын этек кири келбесе, аны сөзсүз дарыгерге көргөзүш керек. Биз анализдерин алып, текшерип көрөбүз.

Баса, айрым энелер кыздардан анализ алганда "кыздыгына зыяны тийбейби" деп чочулашат. Кыздык белги анализ алганда эле түшүп калбайт. 

Детский гинеколог Диля Боромбаева

— Кыздык белги тууралуу да айтып берсеңиз? Айрым кыздарда табиятынан эле кыздык белги болбойт, велосипед көп тепсе, ат минсе түшүп калат деген сөздөр айтылып жүрөт.

— Ар кимдин кыздык белгиси ар кандай формада. Кээ бир учурда энелери кыздарын алып "чоңдордун гинекологуна алып барсак кызыңардын кыздык белгиси жок деп айтты, көрүп бериңизчи" деп келишет. Текшере келгенде белгиси бар эле болуп чыгат. Кыздык белги айрымдарыныкы өтө жука, көрүнбөй да калышы мүмкүн, ал эми кээсиники калың болот. Ал жөн эле түшүп калбайт, жыныстык катнаш болгондон кийин түшөт. 

— Кыздыгын алдырып жардам сурап өспүрүм кыздар келеби?

— Ооба, мурда көп эле келчү. Азыр жеке клиникалар көп болгондуктан, анонимдүүлүктөн улам бизге көп кайрылбай калышты. Ар кандай тагдырды көрдүк. Мени көп убакытка чейин таасирленткен, таң калтырган бир окуяны айтып берейин. Анда мен №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштечүмүн. Ал жер №5 балдар ооруканасы болчу. Бир күнү ал ооруканага бөйрөгү ооруп 14 жаштагы кыз жатып калды. Бөйрөк ооругандардан мазок дагы алчубуз. Анализ алып жатсам эле баягы кыздын кыздык белгиси жок. Себебин сурасам кыз башында эч нерсе айтпай жаткан, андан кийин буркан-шаркан түшүп ыйлап, жанымдагы медайым экөөбүзгө аны эки жылдан бери өгөй атасы зордуктап жүргөнүн айтып берди. Көрсө апасы биринчи күйөөсүнүн көзү өткөндөн кийин экинчи жолу турмушка чыгып, ал күйөөсү начар чыгып калыптыр. Апасы жылда төрөчү экен. Апасы үйдө жок кезде өгөй атасы кызды коркутуп, 12 жашынан баштап эле зордуктап жүрүптүр. Эки жыл! Мен эки жыл кошулуп жүрсө, кантип боюна бүтүп калган эмес деп таң калдым. "Апаңа айтсаң, экөөңдү тең өлтүрөм" деп коркутчу экен. Апасы окуяны биз аркылуу угуп, күйөөсүн 15 суткага каматып, анан балдарын алып башка жакка көчүп кетиптир. Кийин дагы бизге келип калышты. Баягы түнт, сүйлөбөгөн кыз ачылып, маанайы жакшыра түшкөнүн байкадык. Ушул сыяктуу өгөй атасы тарабынан кордолуп, зордукталган өспүрүм кыздар көп катталды. Мындай окуя, албетте, бардык эле үй-бүлөдө болбойт, бирок ошентсе да сактыкта кордук жок. 

Детский гинеколог Диля Боромбаева

— Кыздардын гинекологиялык ооруларын алдын алуу максатында бала бакча же мектептерде атайын медициналык кароо болобу?

— Азыр андай жок. Мурда Совет мезгилинде сөзсүз түрдө бала бакчада дагы, мектепте дагы кыздар бир сыйра текшерилчү. Азыркылар баланын укугу бузулат деп болушпайт. Кайдагы укук, биз барып текшерип, кокус туура эмес бир нерсе чыкса чакыртып алып дарылайбыз. Профилактика дарылоого караганда жеңил да. Азыр кайсы бала бакчага барба, ал жактан жок дегенде мастурбация кылган бир баланы табасың. Ал эмне себептен антет? Себеби ичинен кычыштырып, жанын жеген бир нерсе бар да. Төрт-беш жыл мурун эле бир бала бакчадан ошенткен бир кызды байкап калып, анализ алып текшерсек трихоманад (мите курт) бар экени аныкталды. Апасы бизге келип рахмат айткандын ордуна ызы-чуу салган. Дагы жакшы, ал башка балдарга жукпаптыр. Азыр бир тайпада эки-үч эле горшок, кайсы балада кандай инфекция бар экенин билбейсиң. Кыздардыкы кооптуурак болот да мындайда. Ошондуктан бакчага, мектепке барган кыздарды сөзсүз түрдө уктаар алдында күн сайын жылуу суу менен жыныстык мүчөсүн жууп, жакшы кароо зарыл.