Күн жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

Узакка созулган жылуу аба ырайынан кийин өлкөдө күн кескин сууктап кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги апта ичине алынган аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка ылайык узакка созулган жылуу аба ырайынан кийин өлкөдө күн кескин суукташы мүмкүн.

8-октябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүзү 10…15 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн 1…6, күндүзү 10…15, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 6…11, күндүзү 13…18 градуска чейин жогорулайт. Ысык-Көл менен Нарын облустарында күн түнкүсүн 2…7, күндүзү 11…16 градус жылыйт.

9-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүзү 10…15 градус жылуу. Таласта түнкүсүн – 1… –3, күндүзү 10…15 градус болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 6…11, күндүзү 13…18 градуска чейин жогорулайт. Ысык-Көл менен Нарын облустарында түнкүсүн 1…6, күндүзү 9…14 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкектин абасын эмне булгайт? Экотехинспекциянын жообу
10-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүзү 12…17 градуска чейин жылуу болору божомолдонду. Таласта түнкүсүн –1… –3, күндүз 10…15 градус болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 2…7, күндүзү 12…17 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көл менен Нарын облустарында түнкүсүн 1…6, күндүзү 9…14 градуска жетери айтылды.

11-октябрда Чүйдө түнкүсүн 3…8, күндүзү 14…19, градуска чейин жетет. Таласта түнкүсүн 1…6, күндүзү 13…18, градус болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткенде абанын температурасы түнкүсүн 6…11, күндүзү 14…19 градуска чейин жогорулайт. Ысык-Көл менен Нарын облустарында түнкүсүн 1…6, күндүзү 12…17 градус жылыйт.

12-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүзү 16…21 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн 2…7, күндүзү 15…20 градус болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көл менен Нарын облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18 градуска чамалап барат.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында дүйшөмбү күнү жаан жашы күтүлүлөт. Бишкекте апта ичинде түнкүсүн 4…6, күндүз 10…15 градус сакталса, Ошто түнкүсүн 8…10, күндүзү 15…17 градуска чейин жылыйт.

13-14-октябрларда абанын температурасы төмөндөп, көпчүлүк аймактарда жаан-чачын жаашы күтүлөт.