Sputnik Кыргызстан агенттиги ЖМК өкүлдөрү мекендештеринен запкы көргөн алты учурду тизмектеди.
Бурулай Пусурманкулова
Ушул жылдын 8-август күнү "Ала-Тоо 24" каналынын кабарчысы Бурулай Пусурманкуловага Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиев орой мамиле кылып, жаман сөздөрдү сүйлөгөн. Журналист чиновник менен мыйзамсыз курулуш жөнүндө тартканы барганда кезигип калган. Эртеси күнү мэриядан Бейшеналиев Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын Этика кодексинин №5 беренесин так аткарбагандыгы үчүн кызматтан алынганын билдиришкен.
Николай Потрясов
30-августта Kaktus.media сайтынын журналисти Николай Потрясов Бишкекте бир нече жылдан бери курулуп бүтпөй турган имараттар тууралуу макала даярдап жаткандыктан, Юнусалиев көчөсүндөгү объектилердин бирине барат. Журналист сүрөткө тарта баштаганда, кароолчу күзөт агенттигинин кызматкерлерин чакырып, алар журналистке кол көтөргөнгө чейин барып, бири түз эфир учурунда аны таш менен урат. Ал ортодо күзөтчүлөр журналистти тилдегенге дагы жетишет. Кийин алар "Армата секьюрити" күзөт агенттигинин кызматкерлери экени белгилүү болгон.
Нурис Алымбаев
Sputnik агенттиги ага чейин чууга себеп болгон унаада ЖКнын депутаты Тазабек Икрамов жүргөн видеону жарыялаган болчу.
Эламан Карымшаков
Андан үч күн өтүп, Sputnik агенттигинин башка журналисти Эламан Карымшаков жол инспектору менен журналистке көл көтөргөнгө чейин барган айдоочусуна кандай чара көргөндүгүн билүү үчүн депутат Икрамов менен телефон аркылуу байланышкан. Ошол учурда эл өкүлү "мен ал унаада мурда жүргөн видеону эмнеге жарыялайсыңар, келесоолор" деп урушкан. Депутаттын бул айтканы этикага туура келбесин, анын кесиптештери дагы сынга алышты.
Юлия Костенко
"Мээмди оорутпа! Ажатканага барганымды карап туруп, туура эмес заара ушатты деп да жаз!" — деген сөздөрдү БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев 24.kg агенттигинин журналисти Юлия Костенкого айтты. Аткаминер журналисттин "эмне себептен жергиликтүү кеңештин депутаттарына берилчү төш белгинин эскизи туура эмес чийилип калган?" деген суроосуна кыжыры келген.
Болот Темиров
21-сентябрь күнү дагы бир бишкектик журналист кол салууга кабылды. Fасtcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темиров Орто-Сай-2 айылында жайгашкан үйлөрдүн бирин тартып жаткан кезде ага белгисиз киши кол көтөрүп, ур-токмокко алууга аракет кылган. Бирок Темировдун жанындагы адамдар окуяны видеого тартып жатканын айтканда, согүнгөн бойдон кетип калган. Бул тууралуу журналист өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган. Маалыматка караганда, журналист УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге тиешелүү делген үйдү видеого тартып жаткан.