БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ымыркай сатуу боюнча беш гинекологго кылмыш иши козголуп, №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, кармалгандардын баары жогорку билимдүү.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө айрым дарыгерлер мыйзамсыз негизде аборт жасап, шарты жок жерден төрөт кабыл алып, ымыркайларды сатып жүрүшкөнү маалым болгон. Sputnik агенттигинин укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булагынын билдиришинче, кармалган үч дарыгер №1, 18 үй-бүлөлүк медицина борборунда жана №4 төрөт үйүндө иштеген.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул иште чет элдиктердин тиешеси жок экени маалым болду. Ымыркайларды Кыргызстанда туулган бирок Россиянын жарандыгын алып ошол жакта жашап, иштеп жаткандар сатып алган", — деп жазылат маалыматта.
Кармалган дарыгерлер саткан балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк да жасап беришкендиги белгилүү болду.
Колго түшкөн гинекологдор кош бойлуу аялга мөөнөтүнөн мурда жасалма толгоо берип, төрөтүп бирок баласын апасына өлдү деп көрсөтпөй коюшкан.
Буга чейин ИИМдин тергөө кызматы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азиз Нурбеков бул иш боюнча маалымат берип жатып ымыркайлар 1000 доллар жана андан да ашык баада сатылганын кабарлаган.