ЖК комитети бош турган министрлик орунга сунушталган талапкерлерди колдоду

Депутаттар талапкерлерге кеп-кеңештерин айтып, ишти илгерилетүү боюнча сунуштарын беришти.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өкмөттүн аппарат жетекчиси-министри кызматына Шамилбек Асымбековду, юстиция министрлигине Марат Жаманкуловду, Өнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагалыгына Эмил Осмонбетовду билими, тажрыйбасы жогорку болгондуктан өкмөт комитеттин кароосуна алып келип жатканын айтты.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти комитети жогорудагы кызмат орундарга сунушталып жаткан талапкерлерди колдоп берди.

Өкмөттүн жаңы түзүмү парламентке эки айдын ичинде тааныштырылат
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Шамилбек Асымбеков бир гана өкмөттүн аппаратын эмес, жалпы министрликтердин да ишин карап, аларды оптималдаштыруусу керектигин белгиледи. Андан сырткары, кадрларды жакшы тарбиялап, жакпаган кишилерди иштен алууну токтотуу керектигин кошумчалады. Ошондой эле кызматка барып калса статс-катчылар менен тыгыз иштешүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, өкмөттүн мурдагы аппарат жетекчиси Мурат Мукамбетов 8-августта кызматынан кетип, ошондон бери бул орун бош турган. Ал эми Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Уланбек Рыскулов 7-сентябрда кызматтан бошотулган. Мурдагы юстиция министри Айнур Абдылдаева 7-августта кызматынан алынган.