Диетадагы "Ташчайнардын" ээси: ителгим алган жаныбарын баарын мууздап, адалдап жейт

Муратбек Абдылдаев бала чагынан тарта ителги таптап келет. Мүнүшкөрлүк өнөр ага ата-тегинен калган. Ал ителгинин тилинде сүйлөгөндү гана билбесе, башкасынын баарын өздөштүргөн. Жада калса мелдештин алдында кушун диетага отургузуп коёт экен.
Sputnik

Мүнүшкөр Кочкор районунун Шамшы айылында жашайт. Ал "Ташчайнар" аттуу ителгиси менен Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында далба ойнотуудан биринчи орунду алган. Алдыдагы маек өзгөчө ыкма менен багылган ителги жана мүнүшкөрдүн таланты тууралуу болмокчу.

— Канчадан бери кармайсыз, булар башка куштардан эмнеси менен айырмаланат?

— Бул биздин каныбызда бар, бала кезден эле ушул чөйрөгө аралашкам. Атам да ителги кармачу. Аны союз маалында той-ашка чакырып Фрунзеге, Ысык-Көлгө чейин алып кетишчү. Чоң атам да куш таптап, жада калса чоң апам үкү баккан экен. Өзүм бул өнөрдөн сырткары мектепте мугалим болуп иштедим. Учурда дыйканчылык жана мал чарбасы менен алектенем. Соңку мезгилде салттык оюндар солгундай түшүп, өзгөчө ителгинин саны суюлуп кетпедиби. Андыктан мен да бул өнөрдү кийинки муунга калтырып кетишим керек.

Ителгинин өзгөчөлүгү кандай гана жаныбарды албасын мууздап, адалдап жейт. Арабдардын кызыгып жатканы да ушундан. Анан учкулдугу, көрөгөчтүгү менен айырмаланат. Дагы бир өзгөчөлүгү саатына 300 чакырымды басып өтөт. Демек, аны автоунаадан да ылдам десек болот. Менин ителгим канаттуунун сөөктөрүн качырата чайнап жаагы күчтүү, алгыр болгондуктан "Ташчайнар" деп атап койгом.

Сокольник Муратбек Абдылдаев

— Ителгини тоодон кармап келесизби же балапанынан чоңойтосузбу?

— Мурда өзүбүз тоодон тутуп келчүбүз. Азыр булар азайып кетип кармай албай калдык. Браконьерлер күнүн көрүп чет элдиктерге сатып жатпайбы. Ушуга мамлекет көзөмөлдү күчөтсө дээр элем. Азыркы ителгимди да былтыр августта ошол браконьерлерге кадырымды салып отуруп алып калгам. Болбосо сатып жибермек. Биз көпкө кармабай, үч жылдан кийин коё беребиз. Себиби булар да тукумдаш керек да.

— Үйдө кандай шартта багылат?

Алмаз Акунов: салбуурунчулар кадимки согуштун тактикасын колдонот
— Жакшылары бир күндө эле тамак жеп, колго туруп калат. Айрымдарына беш күн убара болосуң. Үйдө атайын уясы бар. Бардык шарттарды түзүп дагарага суу куюп коёбуз, ага чумкуп жуунуп турат. Конгон жерине чөп сыяктуу килем төшөлөт. Жыгачтан буту жара болуп кетиши мүмкүн. Конокто же дагы башка жакта болбойлу, убактысынан калтырбай тамагын беребиз. Балаңа окшоп "анан ичесиң, бир аз туруп тур" демей жок. Күздө, жазда бир маал, ал эми жайында эртең менен кечинде эки жолу тамак беребиз.

Мыйзамдуулугу жагынан куш кармоого уруксат берген мергенчилердин билети болушу керек. Сүрөткө түшүрүп, чип коюлуп, каттоого турган паспортун алабыз. Көчмөндөр оюндарына чыгаарда медициналык лабораториядан өткөн, камсыздандыруу полиси да бар.

— Мунун жеми кандай, эмне берип багасыз?

— Булар бардык этти эле жей берет, башкысы туздалган болбошу керек. Туздалган эт жесе тамагы, ичи жара болуп өлүп калат. Бирок мелдешке катышкан ителгини диетага отургузуп, бир салмакты кармап туруш керек. Андайда канаттуунун этин берген жакшы. Койдун, жылкынын эти салмагын көтөрүп жиберет. "Ташчайнар" мага 900 грамм салмак менен келген. Өтө ылдый түшүрсөм кыйналып калды, кайра 750 граммга чыгарып ылайыктуу экенин аңдадым. Кээде салмагын түшүрүү үчүн этти сууга жууп, канын тазалап ак жем кылып беребиз. Жеген канаттууларын өзүнө алдырам.

Балабан (сокол)

— Көчмөндөр оюндарынан байгелүү кайтыпсыз, кандай атаандаштар менен ат салыштыңыз?

— Мында далба ойнотуу да спорттук программага киргизилген. Эреже боюнча азгырыкка коё берилген куштун учуу ылдамдыгы сыналат. Шумкарын сыноого үч мүнөт берилет. Ушул убакыттын ичинде куш өйдө учуп, мүнүшкөр жиптеги азгырыкты тегеретип кармап турганда, ага карай чабуул жасашы керек. Натыйжада Өзбекстандан келген мүнүшкөрдүн шумкары 20 жолу кирип үчүнчү орунду, көлдүк бир жигиттики 24 жолу кирип экинчи, меники 26 жолу кирип биринчи орунду алды. Казакстандан да кара шумкарлар келди. Алар тапташты билбейт окшойт, бири өтө семиз, экинчиси арык экен. Арабдар болсо ылаачын куштарын алып келишкен. Эми алардыкы инкубатор сыяктуу экен, оюн көрсөтө алган жок. Мен мелдештен 15 күн мурун атайын Кырчынга барып учуруп, ызы-чууга, көп адамдын арасында жүрүүгө көндүрдүм. Болбосо, томогосун чечкенде эки жакты карап таңырканга чейин убакыт кетип калат.

— Ителгилер Кыргызстандын кайсы жерлерин байырлайт? Муну канча сомго сатып алса болот?

Бишкектик уста алгачкы жолу кыргыздардын байыркы жаасын жасады
— Өлкөнүн бардык жеринде эле бар, бирок аз санда. Казакстан тарапта көбүрөөк болот. Баасын билбейт экенмин. Бир топ эле акчага сатат окшойт. Браконьерлер бизден коркуп жанына жолотпойт. Булар бийик тоолорду, түз жерлерди байырлашат. Анткени чычкан жегенде оорудан сырткары болот экен. Мен трихопол дарысын берип турам. Анан да канаттууну жүнү менен жегени жакшы. Ичи тазаланып, башкача айтканда клизма болот да жаман нерселерди кусуп салат. Ошондон кийин табити ачылат.

— Жаш балдарга кол салбайбы?

— Куш, ителги, бүркүт баары жаш балдарга кол салышы мүмкүн. Ителгинин уядан алгандары ошондой болот. Мүнүшкөрлөр эч качан уядан алып, таптабайт. Анын азабы көп. Уядан алгандар кекчил, мүнөзү башкача болуп калат. Энесинен бөлүнүп учуп, өз алдынча болуп калганда анан кармайбыз. Август айы ылайыктуу мезгил. Анткени июндарда учуп чыгат да, августта күчүнө кирип толуп турган чагы.

— Мүнүшкөрлүккө балдарыңыз дагы кызыгабы?

— Бир уул, эки кызыбыз бар. Балам Бишкектен Юридикалык академияны аяктаган. Ал компьютер, аркы-берки менен жүрүп, мындайга кызыгы жок. Ага караганда балдары, эки неберем кызыга карап жанынан чыкпай калат. Ушулар жолумду улайт го деп сүйүнүп, ишенип отурам эми.

Сокольник Муратбек Абдылдаев

— Башында куштарды үч жыл кармап кайра коё бере турганыңызды айттыңыз. Ушул убакка чейин канча ителги менен коштоштуңуз?

— Эсебин деле билбей калдым го. Атамдын убагында эки жылдан ашырчу эмес. Мурда күздө кармап, жазда кетирген учуру да болгон. Азыр муну саткандар көбөйүп, тартыш болуп калды. "Ташчайнарды" былтыр августта кармагам. Негизи булар 20 жыл деле жашайт, ага карабай үч жылдан кийин тукум уласын деп коё беребиз. Кетээрде аябай семиртип алыскы тоого алып барып коё беребиз. Чынын айтканда көнгөн кушуң менен коштошуу да аябай кыйын болот. Бир ителгим кетпей коюп, эки-үч жолу кайра коё бергенден кийин түңүлүп келбей калган. Албетте баары эле келе бербейт, бир жолу эле ушундай учур болду.

Жаа аткан ажарлуу монгол кызы: Кыргызстанга дагы көп жаачыларды алып келем
Биздин айылда Кудайберген деген мүнүшкөрдүн "Кара шумкар" деген ителгиси болгон экен. 1916-жылы Үркүндө ошол ителги Кытайга бет алган бир айылдын элин баккан экен. Кайтып жатканда жергиликтүүлөр алып калыптыр. Каршы чыкса, анын ордуна 40 кызды тартууга сураганда ителгини калтырууну эп көрүшкөн. Бирок ээси андан үмүтүн үзбөй эки жыл жайлоого чыкпай жакада күткөн экен. Акыркы түңүлө баштаганда үчүнчү жылы "Кара шумкары" кайтып келиптир. Бул тууралуу Сардарбек Рыскулов "Кара шумкар" деген китебинде жазган.

Үйдө "Ташчайнардан" башка дагы эки кушум бар. Алардын тамагына жара чыгып, канат-куйругу сынганда алып келип беришкен. Дарылап айыктырып алдым. Бирөөсү төрт жылдан бери үйдө, канаты сынгандан кийин жакшы бүтө элек, коё берсем ачкадан өлүп калабы деп кооптоном.