Москвадагы мечиттин жанында намазга жыгылып жаткан Бабановдун видеосу

Экс-депутат Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутту деп айыпталып, кылмыш иши козголгон.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бабанов Москвадагы "Минская" метросунун жанындагы мечиттен жума намазын окуп, ал жакка келген кыргызстандыктар менен учурашканын Москвада иштеп жүргөн Талант Дайыров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Бабанов эч кандай жан сакчысы жок эле бир досу менен келген.

"Мечиттин жанындагы ачык жерге жай намазын жайып, намазын окуду. Жума намазга келген кыргызстандык балдар менен бир жарым сааттай сүйлөшүп туруп, баарыбыздын ден соолугубузду, ишибиздин кандай болуп жатканын сурады. Кыргызстанды сагынганын айтып, "жакында Кыргызстандан жолугуп калабыз" деди. Андан кийин бир машина келип ага түшүп кетти", — деди ал.

Жат болоруң бат беле... Ант-шерттен тайган кыргыз саясатчылары
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура депутат Өмүрбек Бабановго карата Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутту деген кине менен 2017-жылы 4-ноябрда кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иши козголгон учурда ал өлкөдө болгон эмес. Кийин Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидерлигин өткөрүп берип, саясаттан эмнеге кеткенин түшүндүрүп берген.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы быйыл 2018-жылы, 19-январда, Бабановду өз арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.

Экс-депутат ЖК Омурбек Бабанов и кыргызстанец Талант Дайыров в Москве

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов "экс-депутатка издөө жарыяланганбы?" деген суроого ал өлкөдө жок экенин, "бирок тергөөнүн ага бир нече суроолору болорун" билдирген болчу.

Ал эми "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев болсо Өмүрбек Бабанов Россияда экенин айтып, ал жакта ден соолугун чыңдап жатканын маалымдаган.