Албетте алар жөнүндө укканда айрымдарда "атасынын арты менен жүрөт да" деген ой пайда болушу мүмкүн. Бирок биз тизмектеген адамдардын кимиси өз эмгеги менен кызматка жеткенин же кимиси атасын "трамплин" кылганын так айта албайбыз.
Исхак Масалиев
Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси, айтылуу Абсамат Масалиевдин уулу Исхак Масалиев атасы негиздеген партияны жетектеп калган. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты.
Айсулуу Мамашова
Жоюлуп кеткен Туризм агенттигинин экс-директору Турусбек Мамашовдун кызы Айсулуу Мамашова жаштыгына карабай эл оозуна эң көп алынган депутаттардын бири. 2015-жылы парламенттин VI чакырылышына "Ата Мекен" фракциясы менен депутат болуп келген.
Элвира Сурабалдиева
Ишкер, Жогорку Кеңештин депутаты, 2005-жылы киши колдуу болуп көз жумган Жыргалбек Сурабалдивдин кызы Элвира Сурабалдиева 26 жашында атасынан калган "Кудайберген" базарын башкара баштаган. Учурда Элвира айым парламенттин депутаты.
Аскарали жана Бакыт Төрөбаевдер
Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, "Ошэлектр" ишканасынын мурунку башкы директору Эргеш Төрөбаевдин уулдары Аскарали менен Бакытты дагы мамлекеттик жогорку кызматтардан көрүүгө болот. Аскарали Төрөбаев Финансы полициясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Мындан ташкары, Мамкатоо кызматына 2010-жылдардан кийин жетекчи болууну көздөп, бирок депутаттардын добушун ала албай калган. Иниси Бакыт Төрөбаевдин кызматтык бактысы көбүрөөк экен. 2009-10 жылдары Өзгөчө кырдаалдар министри болуп, Жогорку Кеңештин үч чакырылышына депутат болуп шайланган.
Руслан Бекназаров
Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун улуу баласы Руслан Бекназаровдун аты коомчулукка таанымал. Ал учурда Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүн жетектейт. Буга чейин КР Акыйкатчы аппаратында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында иштеген. Ошондой эле Тышкы иштер министринин жардамчысы, Япониядагы кыргыз элчилигинде атташе кызматтарын аркалаган. Жогорку Кеңештин депутаттыгына БЭК жана "Республика — Ата-Журт " партияларынын катарында талапкер болгон.
Марлен Маматалиев
"Республика – Ата-Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке ушул жылдын март айында депутат болуп келгенМарлен Маматалиев мурдагы вице-премьер Абдрахман Маматалиевдин уулу. Депутаттыка чейин ал бир катар министрлердин кеңешчиси жана жардамчысы болуп иштеп, бир нече жеке ишкананы башкарган.
Жумабек Салымбеков
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Мамытбай Салымбековдун уулу Жумабек — КСПД фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Ошондой эле ал "Дордой Базарынын" генералдык директору.
Атабек Абжалиев
Парламент депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек мурда Тышкы иштер министрлигинде эмгектенген. Ушул тапта өкмөттүн эл аралык мамилелер бөлүмүндө иштейт. Баса, Атабек Абжалиев өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун жалгыз кызы Бактыгүлгө үйлөнгөн.
Кубат Жантөрө уулу
Учурда коррупция беренеси боюнча шектелүүчү катары абакта жаткан экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин уулу Кубат Жантөрө уулу өкмөт аппаратынын коррупцияга каршы саясат секторунун адиси.
Бакытбек Сыдыков
Бир кездеги кадырлуу саясатчылардын катарын Үсөн Сыдыков дагы толуктаган. Ал Бакиевдин президенттик аппаратын жетектеген. Азыр уулу Бакытбек Сыдыков Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты. Буга чейин "Манас" аба майданын башкарган.
Данияр Мукашев
Айтылуу банкир жана экс-депутат Муратбек Мукашевдин уулу Данияр Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси жана БУУ менен Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп эмгектенип келе жатат.
Элгиза Раева
Мурдагы маданият министри, өлкө президентинин кеңешчиси Султан Раевдин улуу кызы Элгиза Раева өкмөт аппаратынын адиси.
Аман Кармышев
Канат Керимкулов
Өкмөт аппаратынын Экономика жана инвестиция бөлүмүнүн мониторинг секторунун башчысы Канат Керимкулов ЖКнын мурдагы депутаты, Дене тарбия жана спорт агенттигинин экс-директору Айдарбек Керимкуловдун баласы.
Бакыт Каниметов
Мурдагы депутат, Билим бирүү министринин экс-орун басары Жангороз Каниметовдун уулу Бакыт өкмөт аппаратынын Өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн адиси.
Расул Төлөнов
Экс-парламентарий Арапбай Төлөновдун уулу Расул министрлер кабинетинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн протокол секторун жетектейт.
Улукбек жана Бакытбек Мариповдор
Парламенттин эки жолку депутаты, азыр Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Мариповдун эки уулу мамлекеттик кызматта. Биринчиси — Улукбек Марипов Эсеп палатасынын төрагасы. Алмазбек Атамбаев президент кезде ага жардамчы болгон. Кичүүсү — Бакытбек Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өтмөтүн башкарат.
Элеонора Исакова
Медер Өтөбаев
Атасы белгилүү композитор, КР Эл артисти жана бир кездеги президенттик аппараттын кызматкери Шамшыбек Өтөбаев. Уулу Медер учурда өкмөт аппаратынын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.