Ат кое турган адам баланын денесиндеги мүнөздүү белгилерди байкап, ошого жараша да ысым тандаган.
Жакында эле балалуу болуп бирок ага кандай ысым ыйгарышты билбей жүрсөңүз Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Кыргызча адам аттары" рубрикасын окуңуз. Бул ирет кайрадан кыздар, балдардын 20 ысымы сунушталат. Кыргызча адам аттары жана анын маанилери окутуучу, доцент Шералы Жапаровдун "Адам аттары" эмгегинен, Кусеин Карасаевдин орфографиялык сөздүгүнөн алынып, түшүндүрмө сөздүктөр пайдаланылды.
Эркек балдарга берилчү 10 ысым
Нышан. Тубаса оору менен эрини же таңдайы жырык төрөлгөн балдарга "Кудай берди, ал өзү оңдойт" деген мааниде ушул ысымды ыйгарышкан. Азыркы учурда Нышан деген ат менен балдарды чанда кездештирүүгө болот.
Ооматбек. Лексикалык мааниси "ийгилик, бакыт, байлык" дегенди туюндурат. "Бактылуу, бар турмушта жашаган бала болсун" деген ата-эненин аруу тилегинен жаралган ысым.
Ормон. Кусеин Карасаевдин орфографиялык сөздүгүндө жазылгандай, "ормон" деген сөз "токой" деген маанини билдирет.
Ороз. Байыркы түрк тилдеринде анын ичинде кыргыз тилинде ороз сөзү "кут, бакыт, таалай" деген маанилерди билдирген.
Бул ысымдын өзүнөн жана анын өзөгүнөн пайда болгон Ороз, Орозбай, Орозбак, Орозказы, Орозкалый, Орозкелди, Орозкожо, Орозкул, Орозмамат, Орозмамбет, Орозманбет, Орозмат, Орозназар, Орознур, Орозмурат деген аттар бар.
Өмүрзак. Ат коюудагы антропонимдик салт боюнча "баланын өмүрү узун болсун, чарчабасын" деген максатта Өмүрзак деген ысым менен кошо эле Жаныбек, Тыныбек, Токтосун, Көпжашар, Каныбек сыяктуу аттар көп коюлган.
Сабыр. Бул антропоним "чыдамдуулук, токтоолук, кыйынчылыкка, кайгыга көрсөтүлгөн кайрат" деген мааниде айтылат.
"Сабырдын түбү — сары алтын" деген сөздү элибиз туу тутуп, сабырдуулук сапатын жогору деп баалаган. Эркек бала менен кошо эле кыз балдарга да Сабира, Сабыргүл деген наамды беришкен.
Садык. Араб тилинен оошуп келген ат. Ал тилде анын лексикалык негизи "таза, ак көңүл, мээримдүү, кичи пейил" деген маанилерди туюндурат. Кыргыздардагы Тазабек, Актөш, Дардаңбай деген ысымдар менен синонимдеш. Бул ат элибизде 17- кылымдан бери кеңири таркала баштаган.
Садыр. Араб тилинен алганда "дин башчысы, башкаруучусу, кызматкери" деген маанини туюндурат.
Кыз балдарга берилчү 10 ысым
Уулжан. Үй-бүлөдө жалаң эле кыз бала төрөлө бергенде ата-энеси уул тилеп акыркы төрөлгөн кызынын атын Уулжан, Уулкелди, Уулкыз деп "уул" деген сөзгө ар кандай мүчө улап коюшкан.
Улара. Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө белгиленгендей, улар — кыргоолдор тобуна кирүүчү, тоодо жашай турган, аскалардан ышкырган ири илбээсин куш. Кыргызда "Улуу тоого чыккан барбы, улар үнүн уккан барбы" деген лакап бар. Улар деген ысым кыз балдарга да, эркектерге деп ыйгарылып жүрөт.
Үмүт. Кандайдыр бир нерсе жөнүндө үмүттөнгөн ишенич, тилек. Көптөн бери бала үмүттөнүп, күтүп жүргөндөр кызынын ысмын Үмүт деп аташкан.
Чолпон. Көктөгү планетанын аты. 5-10-кылымдарда кыргыздардын аң-сезиминде Чолпон жылдызы, ошондой эле Ай, Күн, Асман деген түшүнүктөр жашоо —тиричиликтин булагы, негизи деген мааниге өткөн. Муну менен ата-эне жарык дүйнөгө келген наристенин жашоо жолу ушул жылдыздай жарык болсун, ар дайым жаркырап нурун чачып турсун, ошондой эле ымыркайга көз тийбесин деген тилек-максаттарын билдирген.
Чынар. Түпкүлүгүндө дарактын аты. Жапаровдун эмгегинде белгиленгендей, бул жыгач негизинен Азия аймагында өскөн, узак жашаган дарак. Бул бак тик жана кооз болуп өсүп жай мезгилинде анын көлөкөсүндө кишилер эс алышып, күч-кубатын чыңашкан. Ушундан улам ата-энелер кызынын өмүрү чынардын дарагындай узун болсун, сулуу болуп чоңойсун, кишиге пайдасы тийсин деген максат менен коюшкан.
Ширин. Ата-энесинин жалгыз кызы же кенжеси болгондо атын Ширин деп коюшкан. Ошондой эле көптөн бери кыз күтүп жүргөндөр да ушул наамды наристесине беришкен. Ширин деген сөз — таттуу деген маанини туюндурат.
"Перзенти ырыс-кешиктүү, ырысы артык болсун" деген жакшы тилек менен коюлган ат. Кыз балдарга "гүл", "ай" мүчөлөрү уланып Ырысгүл, Ырысай деген ысым берилсе, Ырысбек, Ырысбай аттуу эркек адамдарыбыз да арабызда көп.
Ыргал. "Ырыскысы ыргалган, толуп –ташкан, турмуштук оор кырдаалга кабылбай чоңойсун" деген аруу тилектер менен кыз балдарга коюлат.
Ызат. Ызаат бул "урмат" деген сөз сыяктуу адамды сыйлоо маанисинде айтылат. Буга мисал "улууга урмат, кичүүгө ызаат" деген макал бар. Кыздарга да, балдарга да бул ысым ыйгарыла берет. Бул атты берүү менен ата-эне наристеси "ийкемдүү, сылык, сыйчыл болсун" деген максатты көздөйт.