Карыбекова, Атантаева, Шакирова. КР сулуулары дүйнө сынактарынан эмне менен кайткан

Өткөн жумада Кыргызстан биринчи жолу "Аалам сулуусу" сынагына катышары белгилүү болду.
Sputnik

Дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу төрт сынактын бири болгон "Аалам сулуусуна" жолдомо алууга Кыргызстан 2012-жылдан бери аракет кылып келген. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин иш-чаранын уюштуруучулары кыргызстандык сулууну кабыл алууга макулдугун беришти.

Тартип боюнча ал жерде өлкөнүн намысын коргоого "Кыргызстан сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү барат. Демек, 2017-жылдагы Кыргызстандын эң сулуу кызы деп табылган Бегимай Карыбекова аталган сынакка өлкөнүн атынан катышкан биринчи бийкеч болуп тарыхта калмакчы.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин эл аралык сынактарга катышып келген кыз-келиндердин кандай олжо менен кайтканын эске салды.

Обладательница титула "Мисс Кыргызстан — 2017", модель Бегимай Карыбекова

Бегимай Карыбекова

Модель Бегимай Карыбекова буга чейин эл аралык "Top Model Of The World – 2016" сулуулук конкурсуна катышып, эң сулуу 7 кыздын катарын толуктаган. Мунусу үчүн ал сынактын расмий промо-роликтерине тартылуу укугуна ээ болгон. Кийин Бегимай сулуунун сүрөттөрү Германиянын Бремен шаарынын көчөлөрүнө илинген.

Андан соң моделди мааниси жагынан дүйнөдө үчүнчү орунда турган Miss Intercontinental сынагына чакырышкан. Ал жакка дагы Карыбекова Кыргызстандын атынан биринчи ирет катышкан. 

Конкурс "Мисс Бикини 2016" в Бишкеке

Мээрим Атантаева

Былтыр кыргызстандык модель жана актриса Мээрим Атантаева Түштүк Кореяда өткөн Asian Model Festival сынагында Борбордук Азиянын мыкты модели деп табылды. 

Модель и телеведущая Айжамал Осмонова

Айжамал Осмонова

2016-жылы болсо ошол эле фестивалда Айжамал Осмонова "Борбордук Азиянын мыкты манекенщицасы" наамына ээ болуп кайткан. Аталган сынак Түштүк Кореяда 10 жылдан бери өткөрүлүп келет. 

Мындан тышкары, Осмонова эл аралык Miss Asia – 2017 сулуулук конкурсунда алдыңкы алты чүрөктүн катарына кирип, уюштуруучулардан атайын титулга ээ болгон.

Ал эми Түркияда өткөн Princess of the Globe — 2016 аталышындагы сулуулук сынагында "Азия канбийкеси" аталган.

Алина Пирматова

Кыргызстандык Алина Пирматова эл аралык Miss Asia World — 2017 сынагына катышып, калыстардын купулуна толгон. Кароо өткөн Ливан шаарынан Перматова "Дүйнөнүн жаш сулуулу" титулу менен кайткан.

Кыргызстанская актриса и модель Аида Чоткараева

Аида Чоткараева

кыргызстандык сулуулар келиндер арасында өткөн дүйнөлүк сынактардан дагы олжолуу кайтып жүрүшөт. Түштүк Африкада өткөн "Ааламдагы сулуу келин" сынагынын катышуучусу Аида Чоткараева сүрөткө мыкты түшкөн келин аталган.

Миссис Вселенная Тансулуу Омурзакова

Таңсулуу Өмүрзакова

2015-жылы бул сынакта Кыргызстандын намысы үчүн модель Таңсулуу Өмүрзакова ат салышкан. Анда Таңсулуу "Чырайлуу келин" титулуна татыган.

Вице-миссис международного конкурса "Mrs. Top Of The World" в Нью-Дели Наргиза Осмонова

Наргиза Осмонова

2016-жылы Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Mrs. Top Of The World конкурсунда Наргиза Осмонова төртүнчү вице-миссис аталган.

Ага чейин Кытайда өткөн "Аалам айымы-2016" эл аралык сынагында "Миссис Бизнесвумен" номинациясына ээ болгон.

"Миссис мира — 2018" Сания Шакирова

Сания Шакирова

Биз аз күн мурда эле Ысык-Көлдө жол кырсыгынан каза тапткан Сания Шакирова Miss Universe Beauty —2018 сынагын "Эң сулуу келин" номинациясында жеңип алган.