08:09 14 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8106
  • EUR76.8580
  • RUB1.0870
Миссис Вселенная Тансулуу Омурзакова

Кыргызстандык сулуу Дүйнөлүк Миссис конкурсун багындырды

© Sputnik / ВИКТОР ТОЛОЧКО
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
323861

Жети күн бою аялдар түрдүү иш-араларда өз таланттарын көрсөтүштү. Анын ичинде улуттук кийимдерди кийип чыгып, ошондой эле зомбулукка каршы туруу боюнча тегерек столдорго катышты.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Минск шаарында өткөн Дүйнөлүк Миссис конкурсуна катышкан Таңсулуу Өмүрзакова " Миссис Сулуу " титулуна татыганын Sputnik Беларусь билдирди.

Аталган конкурс 24-30-август күндөрү Минск шаарында өттү. Ага катышуу үчүн Болгария, Бразилия, Англия, Венесуэла, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Малайзия, Мальта, Мексика, Россия, Украина жана башка мамлекеттерден 50дөн ашык кыз-келиндер келген.

  • Дүйнөлүк Миссис конкурсуна катышкан Таңсулуу Өмүрзакова  Миссис Сулуу  титулуна татыды.
    "Дүйнөлүк Миссис" конкурсуна катышкан Таңсулуу Өмүрзакова " Миссис Сулуу " титулуна татыды.
    © Sputnik / ВИКТОР ТОЛОЧКО
  • Болгариялык Яна Югова Миссис Топ Модель наамын алды.
    Болгариялык Яна Югова "Миссис Топ Модель" наамын алды.
    © Sputnik / ВИКТОР ТОЛОЧКО
  • Миссис Назиктик – Коста-Рикалык Карол Узага (Karol Uzaga Valerin).
    Миссис Назиктик – Коста-Рикалык Карол Узага (Karol Uzaga Valerin).
    ВИКТОР ТОЛОЧКО
  • Белоруссиялык сулуу Светлана Статкевич Социалдык активдүү Миссис титулун жеңип алды.
    Белоруссиялык сулуу Светлана Статкевич "Социалдык активдүү Миссис" титулун жеңип алды.
    © Sputnik / ВИКТОР ТОЛОЧКО
  • Россиядан келген Полина Поликарпова Дүйнөлүк Миссис - 2015 конкурсунун алдынкы бештигине кирди.
    Россиядан келген Полина Поликарпова "Дүйнөлүк Миссис - 2015" конкурсунун алдынкы бештигине кирди.
    © Sputnik / ВИКТОР ТОЛОЧКО
  • Дүйнөлүк Миссис - 2015 конкурсунун баш бейгеси канадалык Эшли Бернемге ыйгарылды.
    "Дүйнөлүк Миссис - 2015" конкурсунун баш бейгеси канадалык Эшли Бернемге ыйгарылды.
    © Sputnik / ВИКТОР ТОЛОЧКО
1 / 6
© Sputnik / ВИКТОР ТОЛОЧКО
"Дүйнөлүк Миссис" конкурсуна катышкан Таңсулуу Өмүрзакова " Миссис Сулуу " титулуна татыды.

Жети күн бою аялдар түрдүү иш-чараларда өз таланттарын көрсөтүштү. Анын ичинде улуттук кийимдерди кийип чыгып, ошондой эле үйдөгү зомбулукка каршы туруу боюнча тегерек столдорго катышты.

Башкы байгени Канададан келген Эшли Бернем (Ashley Burnham) алды.

Бул эл аралык конкурска Кыргызстандын атынан "Миссис Кыргызстан — 2015" улуттук конкурсунун жеңүүчүсү Таңсулуу Өмүрзакова барган.

"Кыргызстандык Өмүрзакова "Миссис Сулуу" титулун жеңип алса, болгариялык Яна Югова "Миссис Топ Модель" наамына татыды", — деп айтылат билдирүүдө.

"Дүйнөлүк Миссис" конкурсу турмушка чыккан, ийгилик жараткан, социалдык активдүү аялдар үчүн уюштурулуп келет. Конкурс 2007-жылдан тарта башталган, аны болгариялык "Миссис Юниверс" компаниясы уюштуруп келет. Бул сынактын алгачкы байгесин 2007-жылы болгариялык Элеонора Манчева алган.

Конкурста аялдар өз сулулугун гана көрсөтпөстөн, ар бири өз өлкөлөрүндө социалдык маанидеги көйгөйлөрдү чечүү жолдорун да сунуштап, бул ар бир айымды баалоодо мааниге ээ болот.

ЭҢ МААНИЛҮҮ