Атамбаев Исаков менен Кулматовдун камалышы боюнча билдирүү жасайт

5-июнда кечинде мурдагы премьер Сапар Исаков менен Бажы кызматынын экс-жетекчиси Кубанычбек Кулматов камакка алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти, Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев партиялаштары — мурдагы премьер Сапар Исаков менен Бажы кызматынын экс-жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун камакка алынышы боюнча пикирин билдирет. Бул тууралуу партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдады.

Атамбаев Исаков менен Кулматовдун камалышы боюнча саясий билдирүү жасады
Анын айтымында, мурдагы мамлекет башчы билдирүүнү маалымат жыйында эмес, кат түрүндө жасайт.

Белгилей кетсек, 5-июнда кечинде Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Сапар Исаков ТЭЦтин айланасындагы ызы-чуунун эпкини менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынса, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде кытайдын ТBEA компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген гранттык каражаттын 2 миллион долларын мыйзамсыз пайдаланган деп айыпталып, 28-июнга чейин камалды.