Малай болуп, кандуу согушту көргөн акын. Жоомарт Бөкөнбаев тууралуу 7 факты

Кыргыздын чыгаан акыны, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаев 108 жыл мурун жарык дүйнөгө келген. Калк тарабынан "Кыргыздын Пушкини" аталган көп кырдуу талант кыска өмүрүнө карабай кыргыз адабиятынын, котормочулугунун жана журналистикасынын калыптанышына эбегейсиз салым кошкон.
Sputnik

Мен ырдабайм кызыл алтын зер үчүн,
Мен ырдабайм напси бузуп мал үчүн.
Мен ырдаймын – кайрат болуп эмгекке,
Таза жүрөк – жанган жалын ал үчүн!

Бул саптар Жоомарт Бөкөнбаевдин "Менин ырым" аттуу эмгегине таандык. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар акындын туулган күнүнө карата кызыктуу фактыларды окурмандарга сунуштайт.

Римге чейин барган Алымбек датка. Мамлекеттик ишмер тууралуу 11 факты
Байдын коюн кайтарган балалык. Жоомарт Бөкөнбаев 1910-жылы 16-майда Токтогул районундагы (мурунку Кетмен-Төбө) Мазар-Сай айылында кембагал үй-бүлөдө төрөлгөн. Ата-энеси 16 балалуу болуп, алардын ичинен Жоомарт менен эжеси гана аман калат. Акын беш жашка чыкканда атасын аймактагы байлардын бири болгон Борбу өлтүртүп, энесин зордук менен токолдукка алат. Борбу бай Жоомарттын жесир калган апасы Алтынай, эжеси үчөөнө болуп көрбөгөндөй кордук көрсөт. Кичинекей Жоомартты өзүнө малай кылып, кой кайтартат. Бул тууралуу ал кийин "Эзилгем" деген ырында айтып берет.

Көлдөп жашым, бай алдында эзилгем,
Бир эчкиге жыл маалына кесилгем.
Байбиченин көк көсөөсү элестеп,
Жатсам-турсам такыр кетпейт эсимден.

Кой артында кокуй тартып ыйлагам,
Эртели-кеч жаш жанымды кыйнагам.
Күн батканда бай үйүнө мен келсем,
Бай баласы камчыга алып "сыйлаган".

Жоомарттын акындык эргүүсү айтылуу Арым жайлоосунда кой кайтарып жүргөн кезинде пайда болот. Турмуштун запкысын айланадагы кооз табият жеңип, баланын жан-дүйнөсү эрте ойгонот. Ошондой эле анын акын катары калыптанышына элдик чыгармаларды жакшы билген жана кошокчу болгон апасынын да таасири тиет.

Кыргыздын залкарлары "жашаган" адабият жана искусство музейи
Москвага жеткирген билим. Совет бийлигинин келиши менен кедейлер үчүн жаңы жашоо башталат. Анын жарык нуру Жоомарт Бөкөнбаевге да тиет. "Көк-Арт" балдар үйүндө 1924-жылдан баштап эки жыл тарбия көрөт. Билимин дагы да өркүндөтүүнү көксөгөн акын алгач Оштогу, андан соң Фрунзедеги педагогикалык техникумда 1931-жылга чейин окуйт. Акындын журналисттик эмгек жолу ушул жылы башталып, "Кызыл Кыргызстан" гезитинде бөлүм башчы болуп иштеп калат. Бирок татыктуу билим алуу үчүн 1933-жылы Москвадагы Коммунисттик университеттин журналистика бөлүмүнө тапшырат. Аны 1935-жылы ийгиликтүү аяктап, "Ленинчил жаш" гезитинин редактору, "Советтик адабият жана искусство" журналынын башкы редактору катары 1941-жылга чейин эмгектенет. Улуу Ата Мекендик согуш башталган кезде өз ыктыяры менен фронтко кетип "Мекен үчүн, алга!" гезитинин редактору болуп иштейт.

Акын жана котормочу. Жоомарт Бөкөнбаев алгачкы "Жер алган кедейлерге" ырын 1927-жылы жазат. Бул ыр Совет мезгилинде жерге жеткен дыйкандардын кубанычына арналып жазылган эле.

Сен кимдерден кем элең,
Чоң курсак байга жем элең,
Узун күн кылып кызматты,
Кешигин байдын жээр элең.

Ага акын катары алгачкы ийгиликти 1935-жылы жазылып, орусчага да которулган "Алтын кыз" поэмасы алып келет. Андан соң акындын "Добулбас", "Жоомарттын ырлары", "Комуз", "Өчпөс өмүр", "Өмүр" сыяктуу бир катар ырлар жыйнактары чыккан. Ошол эле учурда котормочу катары Пушкин, Лермонтов, Маяковский, Гете, Руставели жана Некрасов сыяктуу алп акындардын чыгармаларын кыргызчалаган.

Согушту өз көзү менен көргөн. Жоомарт Бөкөнбаевдин акындык талантынын туу чокусу согуш мезгилине туш келет. Ал "Кош Ала-Тоо, уулуң кетти майданга", "Жүрөгүм менин — Кызыл Туу", "Салам кат", "Антым", "Чептен эрдин күчү бек " сыяктуу ырлары, "Ажал менен ар намыс" поэмасы аркылуу каардуу согушка аттанган жоокерлерге дем-күч берип кайраттандырып, жеңишке шыктандырган.

Төкмө жана калемгер Эстебес Турсуналиев тууралуу кызыктуу 6 факты
Ар тараптуу талант. Жоомарт Бөкөнбаев кыргыз драматургиясынын калыптынышына негиз болгон "Токтогул", "Алтын кыз" музыкалык драмаларын, "Семетей", "Каргаша" пьесаларын, Жусуп Турусбеков, Кубанычбек Маликов менен бирге "Айчүрөк" операсынын либреттосун жазган. "Алтын кыз" менен "Айчүрөк" 1939-жылы Москвада өткөн биринчи кыргыз искусствосу жана адабияты күндөрүндө көрүүчүлөргө тартууланган. Аны менен бирге эле "Токтогулдун өмүрү", "Комуз күүсү" сыяктуу прозалык аңгемелерин жана бир катар балдарга арналган тамсилдерди жарыкка чыгарган. Бөкөнбаев улуу акын Токтогул Сатылгановду өмүрү өткүчө туу тутуп, ырларын эл арасынан чогултуп, жалпы кыргыз элине жана болочок муунга мурас калтырган.

Эки акындын сүйүүсү. Жоомарт Бөкөнбаевдин дагы бир кыргыздын чыгаан акыны Тенти менен үй-бүлө курган. Кийинчерээк Тенти айым академик Муса Адышевге турмушка чыгып, жолдошунун фамилиясын алган. Акындын балдары да кыргыз элине эмгеги сиңген инсандар болду. Тун уулу Кулубек Бөкөнбаев эгемендүү Кыргызстандагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер болуп, Айлана-чөйрөнү коргоо министри болуп эмгектенген. Ошондой эле геология-минерология илимдеринин доктору наамына ээ. Кызы Сырга Бөкөнбаева медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген дарыгери. Дагы бир уулу Зайнидин Бөкөнбаев 2003-жылы каза болгон.

Өмүр алган унаа кырсыгы. Улуу акын жашоодон эрте узаган. 1944-жылы согуш мезгилинде элдин духун көтөрүү максатында "Манастын уулу Семетей" аттуу кинофильмге сценарий жазат. Бул анын алгачкы жана акыркы сценаристтик эмгеги болуп калды. Акын фильмди тартууга белсенген адамдар менен бирге тасмага ылайыктуу жер караштырып Ысык-Көлгө барат. Чоң-Сары-Ой аймагын кыдырып жүргөн кезде аларды ташыган унаа кырсыкка кабылып, улуу акын жашоо менен кош айтышат. Унаада акын менен чогуу болгон тогуз киши аман калат. Бөкөнбаев болгону 34 жашта эле.