ТВЕА компаниясын ким тандаган? ТЭЦ тууралуу жаңы фактылар ачыкталды

Депутаттык комиссиянын айткандары жана премьерлердин жообунан кийин ТЭЦ тууралуу белгисиз фактылар ачыкка чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бүгүн, 10-май күнү Жогорку Кеңеш ТЭЦтеги авария жана аны модернизациялоого алынган насыянын максаттуу пайдаланылышын иликтеген депутаттык комиссиянын отчетун укту.  Парламенттеги жыйынга мурунку премьер-министрлер менен энергетика тармагын жетектеп кеткендер да чакырылды.

ТЭЦти модернизациялоого Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алынган. Бардык ишти ошол эле мамлекеттин ТВЕА компаниясы жүргүзгөн.

Sputnik Кыргызстан редакциясы ТЭЦти жаңылоо иштерине байланыштуу жаңы сегиз фактыны таап чыкты.

ТЭЦтин мурдагы башчысы мекеме кызматкерлеринин калпын чыгарды
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов ТЭЦке 54 миң доллар турган кондиционер алынганын билдирди.

ТЭЦти модернизациялоонун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭН) 1996-жылы эле түзүлгөн. Иштер аткарылаар алдында ТЭН бүгүнкү күнгө ылайыкташтырылган.

"600 долларлык аттиштердин" уландысы айтылды. Энергетиктер буга чейин конвейердик лентаны кошкондо ар бири 320 доллардан турган аспаптардын топтому сатып алынганын айтышкан. Бирок ТЭЦтин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу чынында бул каражатка аттиштердин өзү эле алынганын жар салды. Анын айтымында, качан гана ызы-чуу башталгандан кийин калганы алып келинип, кошулган. Мындай билдирүүдөн кийин депутаттар кол чаап жиберишти.

Депутаттык комиссия ТЭЦтин ремонтуна бөлүгөн акча максатсыз пайдаланылган деген тыянак чыгарды.

ТЭЦти жаңылоо: Сатыбалдиев менен Артыкбаевдин жоопкерчилигин кароо сунушталмакчы
Депутат Исхак Масалиев экс-президент Алмазбек Атамабаевди министрлерге насыя алуу боюнча буйрук бергени үчүн мыйзам боюнча каралган кол тийбестиктен ажыратууну сунуштады. Бирок эки экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков Атамбаев мындай көрсөтмө бербегенин айтып чыгышты.

Эксимбанк менен сүйлөшүү учурунда бардык талаш маселелер Гонконгдо, эл аралык арбитраждык борбордо чечилери жазылган. Тышкы иштер министрлиги мындай макулдашуу Кыргызстандын аброюна шек келтирерин, арбитраж нейтралык аймакта жайгашуусу керек экенин айтышкан. Бирок сунуш кабыл алынбай, жогорудагы норма калып калган.

ТВЕА кытай өкмөтүнүн чечими менен подрядчы болгон. Мында насыя берген мамлекет подрядчыны өзү аныктай турган эреже иштеген.

Модернизациядан кийин жаңы кубаттуулуктун бир киловаты — 1286 долларга айланган. 300 мегаватт 386 миллион доллар болгон.