Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун камакта кала турган мөөнөтү узарды

Казакстанда камакка алынган Дамирбек Асылбек уулу кош жарандуулугунан улам Жогорку Кеңеш депутатынын мандатынан ажыратылган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган эки кыргызстандыктын камакта кала турган мөөнөттөрү май айынын ортосуна чейин узарды. Бул тууралуу Алматы шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечимди апрелдин орто ченинде Алматы шаарынын Алмалы райондук соту чыгарган.

"Асылбек уулу менен Мурадиловдун мөөнөтү 15-майга, ал эми Абакировдуку 16-майга чейин узартылды", — дешти маалымат кызматтан.

Казакстанга Азиядан күмүш алып берген депутат Дамирбек Асылбек уулу тууралуу 7 факты
Үстүбүздөгү жылдын 15-16-февраль Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук бюро менен биргеликте атайын операция өткөргөн. Анын алкагында бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун сегиз мүчөсү жок кылынып, кармалгандардын ичинде Кыргызстандын үч жараны бар экени аныкталган. Алардын арасындагы ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы да бар экенин коңшу өлкөнүн ИИМи айтып чыккан.

Кыргызстандын БШКсы Казакстандын органдарына сурам жөнөтүп, анын кош жарандуулугун тактаган. Натыйжада Асылбек уулу мандатынан ажыратылган.

Кийин Казакстандагы атайын операциянын видеосу да жарыяланган.