Апрель окуясында көз жумгандар эскерилди. Жээнбеков "Ата-Бейитке" ким менен барды

Гүл коюлуп, курман болгондордун элесине арналып куран түшүрүлдү
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-апрелде, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде элдик Апрель революциясынын курман болгон баатырларын эскерди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

1 / 4
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-апрелде, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде элдик Апрель революциясынын курман болгон баатырларын эскерди.
2 / 4
Мамлекет башчысы 2010-жылы апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү мемориалдык дубалынын таманына гүл койду.
3 / 4
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, экс-президент Роза Отунбаева катышты.
4 / 4
Гүл коюлгандан кийин курман болгондордун элесине арналып куран

Мамлекет башчысы 2010-жылы апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү мемориалдык дубалынын таманына гүл койду.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, экс-президент Роза Отунбаева катышты.

Жээнбеков: баатырлар эңсеген өлкөнү куруп, мекенди гүлдөтөбүз
Гүл коюлгандан кийин курман болгондордун элесине арналып куран түшүрүлдү.

Иш-чарага 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, элдик Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кенештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Сооронбай Жээнбеков  "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинен кийин "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылы Аксы жана 2010-жылы Апрель окуяларында эл эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү Монументине гүл койду.