БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн тойлордун чыгымын азайтуу боюнча чараларды көрүүдөн мурда бийлик өкүлдөрү алгач элге өздөрү үлгү болушу керек. Бул тууралуу теле алып баруучу жана тамада Эркин Рыскулбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн тегерек столдо айтты.
"Жүрөк оорутпай кантип той берсе болот" аттуу иш-чарага КР эл артисттери Жамал Сейдакматова жана Түгөлбай Казаков, куудул, тамада Борончу Кудайбергенов, Эркин Рыскулбеков, ЖК депутаты Эмил Токтошев, "Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, "Кереге" коомдук уюмунун төрагасы Искендер Ормон уулу катышты.
Рыскулбеков Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевге кайрылып, анын 2-3 эмес, 20-30 кесиптеши дүңгүрөтүп той бергенин айтып өттү.
"Сиздин кесиптештериңиз той бергенде биздин Кыргызстандын эле эмес, тээтиги Франциядан бери ичимдик алдырышат. Казакстан менен Россиядан ырчыларды чакыртышат. Алардын гонорары эле 20-30 миң доллардан да", — деди Рыскулбеков.
Ал ошондой эле көрүнүктүү тарыхый инсандардын жылдыгын өткөрүүдө дагы өтө көп чыгым кетерин кошумчалап кетти.
Белгилүү алып баруучу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аткаминерлер менен бинзнесмендердин дүркүрөтө өткөргөн тойлоруна өзү күбө болгонун ырастап өттү.
"Өзүмдүн көзүм менен көрүп, өзүм катышкан тойлор болгону үчүн мисал келтирдим да. Алардын арасында элге таанымал, мамлекеттик кызматтарда иштегендер, бизнесте жүргөндөр дагы бар. Кээде тойлорун алпарып калсам, кээде конок катары барып калып күбө болгом", — деди Рыскулбеков.
Ал ошондой эле мындай ашыкча чыгымдарга каршы экенин айтып, өзү мейман чакырса саны 30-40тан ашпай турганын белгилеп өттү.
Буга чейин тегерек столго катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев аталган мыйзам долбоору эмнеге өтпөй колгонун айтып берген.
Ал эми дагы бир катышуучу Түгөлбай Казаков тойлордун убактысын кыскартып, ашыкча каада-салттан баш тартуу зарыл экенин белгилеп өткөн.