Тээ байыртан айтылып келген, өмүр элегинен, турмуш тутмагынан өтүп, сыналган айтымдар бар. Аларды укканда акыл кеп экенине, шексиз чындык экенине дароо ынанасың. Табышмактуу тагдырдын түрдүү кырдаалына, татаал жагдайына кабылганда кайдан-жайдан эске келет да, "аа, ушундайдан улам айтылган тура" дейсиң.
Үч арсыз
Кыргызда үч арсыз деп уйкуну, күлкүнү, анан тамакты айтышат. Анткени киши табиятындагы бул үч нерсенин чындыгында ары жок. Энеси өлгөн уктайт, бирок курсагы ачкан такыр уктай албайт делет. Тамактын ары жогу ушул. Ый менен күлкү аралаш дейт. Жакыны каза болуп кайгыга батканда же бир чоң кырсык болгондо муң басып томсоруп турганда да кишинин күлкүсү келип, күлүп алган учурлар болот. Ары жок эмей эмне…
Беш кайып
Насип — бул киши жазмышына буйруган азык. Кайыптан буйруп койсо казаныңда бышып азыр жейм деп турган насибиң желбей калат. Же такыр күтпөгөн жерден наар татып, ойлобогон адамдар менен табакташ болуп калат. Муну насип кайып дейт.
Киши он эки мүчөсү соо туруп, ойлогону орундалып турган жетиштүү жашоодо жашап жатса да ар кадамында эмне болорун билбейт. Эртең же бир айдан кийин эмес, азыр бир нече көз ирмемде эмне болуп кетерин билген жан жок. "Кырсык — каш-кабактын ортосунда" же болбосо кырсык кайып деген ошо.
Дидар кайып дегени кимге жолугарың, ким менен учурашарың да кайыптан. Жашоодо биз күтпөгөн мерчемден, биз күтпөгөн жагдайда биз күтпөгөн кишилерге жолугуп калуу ыктымалдуулугу абдан жогору.
Ажалдын да кайыптан буйруганы чын белем, дени-карды соо туруп жашында жайрап калгандар бар. Кырк жылы кыргын болсо да бир жеринен чалынбай аман калгандар бар. Киши дүйнөгө жаралып эс-акыл күтө баштаганда эле өзүн өлбөчүдөй сезип, ааламды багынтканга умтулат, бирок ар ким буйруган жашын жашап, буйруган ашын ашайт.
Жети жетим
Чөп чыкпаган жер жетим. Тыңшалбаган сөз жетим. Багылбаган мал жетим. Кемпири жок чал жетим. Ак куу, казсыз көл жетим. Элинен кеткен эр жетим. Башчысы жок эл жетим.
Ар нерсе өз баасын алганда, баркталганда жашоонун кадыры артат дешет. Эгер кимде-ким колундагы буюмун, алдындагы ашын, үстүндөгү тонун кор тутса, ошол нерсеси жетимсирейт, куну түшөт, касиети качат. Мындай нерсенин алдын алып, көпчүлүктү тартипке чакырып бабалар жети жетимдин мисалында түшүндүрүшкөн экен.
Тизгин жыяр
Философия, психология, адам таануу, аалам таануу сыяктуу дүйнөлүк илимдердин тарыхы тереңде жатат, бирок алардын изилдөө ыкмалары, чындыкка көз карашы кыргыздын дүйнө таанымына туура келбей калган жагдайлар да бар.
Жогоруда айткандай сөз баккан эл кийинки муундарга деген илим-билимин, нарк-нускасын, акыл-санатын эки ооз сөзгө уютуп айтып кетиптир. Анысы кылымдар бою атадан балага айтылып жүрүп отурду. Анын ар бирин чечмелеп, сөз касиетинен кыйла алыстап кеткен биздерге түшүндүрүп берүү илимге талап