Таңкы саат 7:00. Өзбекстанды көрө элек мен сыяктуу кесиптештерим көп экен. Алардын да маанайы көтөрүңкү. Кудуңдап сүйүнүп алганбыз. Көзөмөл өткөрүү жайынан бат эле өтүп, Өзбекстан тарапта премьер-министр башында турган топтун келишин күтүп, бир сааттай туруп калдык.
"Достук" көзөмөл жайындагы латын тамгасы менен жазылган өзбек тилиндеги "Ак жол" деген жазууну көрөр замат башка мамлекеттин аймагында экеним сезиле түштү. Чек арачылардын баары сылык-сыпаа, жылмайып гана учурашып жатышты.
Бийге түшө жаздап аз калганда…
Улуттук кийимчен, өзбек улутундагы кыздар колдоруна гүл, нан кармап, Кыргызстандан келе турган делегацияны күтүп, жылмайып турушту. Алар менен жанаша эле керней-сурнай тарткан эркектердин тобун да көрүүгө болот. Ал эми жолдун экинчи тарабындагы, Өзбекстанда жашаган каз катар турган ак элечекчен апалар көзгө дароо урунат. Алар менен кошо апакай бантик тагынган секелектер, окуучу балдар да колдоруна гүл кармап алган.
Машыгуу үчүнбү же алар да бизге окшоп күтүүдөн тажаштыбы, айтор, күтүүсүздөн керней-сурнай тартылып, өзбек кыздар чимириле бийлеп кирди…
Биз моюн созуп делегация келди окшойт деп "Достук" тарапты карай баштадык…
Кесиптеш жигиттердин айрымдары бийлеп жаткан каш-кирпиги төгүлгөн сулууларга суктанып жатса, кээ бири канды дүрбөткөн музыкага туруштук бере албай, бийлегиси келип, араңдан зорго карманып турганын байкоо кыйын эмес эле.
Ошентип биз күткөн топ да келди. Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов өкмөт башчысын тосуп алып, Фергана шаарын көздөй алып жөнөдү.
Өзбекстанга алгачкы жолу баратканым үчүн мага баары кызыктуу эле. Алгач эле баш-аягы көрүнбөгөн эгин талаадан өтүп бараттык… Журналисттер түшкөн кичи автобус кортежден калбаш үчүн зымырап, жолдогу чуңкурлардан эки-үч ирет катуу силкинип алды. Кошуна Өзбекстандын жолдору да тешик, чуңкурга толо го дегендей ой келди. Бирок жолдору зымырап, тептегиз болбосо да биздикиндей тамтыгы чыкпаптыр.
Анжиян облусунун Хожа-Абад районундагы айылдар башталып, бирдей типте салынган окшош үйлөр дароо эле көзгө урунду. Тамдар бир түстө сырдалган. Ал эми бизде бири-серин гана көзгө урунган "Жигули", "Москвич" сыяктуу унааларды көп жолуктура баштаганда СССР кезинде тартылган кинону көрүп жаткандай болдум.
Мен кантип таштанды издедим…
Бирок ошол үйлөрдүн айлана-четинин, көчөлөрдүн, жада калса эгин талааларынын тазалыгы көңүлүмдү бурду. Көчөдөн же жол боюндагы арыктардан бир да желим бөтөлкөнү же желим баштыкты учурата албай көзүм талып, "кыйналып" бараттым. "Кантип эле ушундай болсун. Жок дегенде жаш балдар тентектик кылып, улууларды укпай таштанды ыргытат да" деп ойлодум. Ошол замат Бишкек, Ош шаарларыбызды элестетип, буга чейин "Ош таза шаар" деп айтылган пикирлерге бул ирет кошулгум келген жок. Жок, андай эмес экен. Борбор калаа менен экинчи борбор Оштун көчөлөрүндөгү тоодой үйүлгөн, жайкысын жыты мурунду жарган таштандыларды эстеп бетим кызара түштү… Эмнеге бизде мындай тазалык жок? Жада калса эгин талаалары да биздин шаарлардан таза экенине бир чети таңыркасам, бир чети намыстанып жаттым.
Биздегидей көчөдө иретсиз орнотулуп, көрктү бузган соода күркөлөрү да жок. Шаардын чоң көчөлөрүндө ырчы-чоорчулардын концертинин афишасын же башка бир маанидеги көрнөк-жарнактарды да жолуктурган жокмун. Болсо да анда-санда. Ал эми соода жайларынын, кафе-ресторандардын аталыштары да латын тамгасы менен өзбек тилинде гана жазылган. Башка тилдеги жазууну дээрлик жок экен.
Салынган имараттар шурудай тизилет. Айтор, темирдей тартиптин бар экендиги сырттан барган кишиге сезилбей койбойт.
Ойлонуп кетиптирмин… Бир кезде автобустагы кесиптештерим чуру-чуу түшүп калышты. Көрсө, өлкө башчылары Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кол алышып турган сүрөтү жол боюнда илинип туруптур.
Ошентип эки саатта кадимки Фергана калаасына кирип бардык.