Sputnik Кыргызстан агенттиги чет жакка турмушка чыгып өз укугун, ал жактын мыйзамын билбей кыйналып жүргөн кыздардын тагдыры менен таанышып, алардын маселеси боюнча юристтердин пикирин билип көрдү.
"Сиңдимди окутам" деп арабдын төртүнчү аялы болдум
Чет жерге келин болуп барган кыргыз кыздарынын бири Ажар (аты өзгөртүлдү — ред.) 2011-жылы араб улутундагы адамга турмушка чыккан. Жубайлар үч жылдан кийин эркек уулдуу болушкан. Бирок "күйөөмдүн мага кылган мамилесине чыдабай кеттим" деген келин азыр жолдошу менен кантип ажырашып, баласын өзүнө аларын билбей айласын таппай жүргөн кези.
Келин үй-бүлөсү менен учурда Кувейт шаарында турат. Бирок Кыргызстандын жараны, учурда ал жакта шарттуу жарандуулук менен жашап жатканын кошумчалады.
Юристтин пикири
Каарманыбыздын күйөөсү менен ажырашып баласын алууга канчалык мүмкүнчүлүгү бар экенин билүү максатында юрист Айжан Орозакуновага кайрылдык.
Юрист Ажардын тагдыры менен таанышып, баласын өзүнө алуу мүмкүнчүлүгү жокко эсе экенин айтты.
Ажардыкындай кыйын кырдаалга туш болбош үчүн юрист чет өлкөгө турмушка чыгам деген кыздарга эң биринчи бара турган жердин эреже, мыйзамдары менен бир сыйра таанышып алууну эскертти.
Жетпеген жашоо кайда гана алып барбайт. "Түркияга барып иштеп, ата-энеме жардам берем" деген жакшы тилек менен кетип бирок жашоосу таптакыр башка нукка бурулуп сойку болуп кеткен Айдананын тагдыры тууралуу кабарчыбыз Светлана Федотова даярдаган материалдан окуй аласыздар.