Жаз мезгилиндеги тамак-аш. Кыргыз сөөк жукарганда эмне жейт

Жаз келип, сөөк жукарган кез деп байыркы кыргыз элинде тамак рационуна да өзгөчө көңүл бурулган. Анда эмесе, учкай кеп салып өтөбүз.
Sputnik

Кыргыз даамы кылымдардын мол тажрыйбасынан өтүп, нанүштөсү, түшкүсү, кечкиси болуп эчак калыпка салынып калган түшүнүк. Бирок заман агымы менен ааламдашуу арааны бул тармакка да баш багып, "кыргыздын тамак рациону туура эмес", "ашказанга күч келтирет", же болбосо "өтө эле оор" деген кептерди угуп жүрөбүз. Көчмөн доордун катаал шартына, жортуулчулук замандын жоболоңуна шай келген азыктар тууралуу арбын кеп салсак арзыйт.

Азыктардын иреттүүлүгү

Ачыткынын азабы менен уюткунун убалы кимге? Көрөңгө тууралуу ой-толгоо
Кишинин дене табы ысык жана суук деп бөлүнгөн сыңары эле, азыктар да ысык суук, мүйөз деп бөлүнгөн. Суукчан кишиге негизинен ысык тамак, ысыкчан кишиге тамак анчейин тандалбай, ал эми жаш төрөгөн келинге, абышка-кемпирге мүйөз тамактар берилген.

Андан башка нанүштөгө куурма чай, жупка, каймак, нан өңдөнгөн жумурга жугумдуу, ошол эле убакта жеңил деп эсептелген тамактар тартууланса, түшкүсүнө, кечкисине кубаттуу азыктар берилген.

Ушундай эле ирет менен тамак-аш рациону мезгилге ылайык да өзгөрүп турган. Кышкысын ысык тамактарга бозо кошулуп, организмдин суукка байымдуулугун, дегеле кубаттуулукту арттырып турган. Ал эми жайкысын азык-аш кандай болсо да аны сиңирүүгө жана да негизинен суусун кандырууга деп чалап, жарма, максым сыяктуу азыктар сөзсүз кошуп берилген.

Жаздагы азыктар

Кыргыз элинде сөөк жукарган кез (авитаминоз) деп, жазгы тамак-ашка өзгөчө көңүл бурулган. Жылдын бул мезгилинде жаш балдарга, кары-картаңдарга, жаш төрөгөндөргө бапестеп даам берип, кубатын сактап калып, дагы арттырганга аракет жасалган.

Көжө, чоң көжө

Көжө дегинкиси жазгы учурга ылайык даам болуп, аны кышкы согумдардан калган сүр этти кайнатып, шорпосуна дан кошуп, согон, сарымсак менен ичишкен. Айрымдар айран, сүзмө катыкташкан.

Ал эми чоң көжө жыл ажыратуу, улустун улуу күнү — Ноорузда көпчүлүк тарабынан чоң казанга жасалып, тоолук кыргыздардын майрамдык шаанисинин бир бөлүгү болгон.

Көк жупка

Гүлазык деген эмне? Күч-кубат берген, умай энеден уланган азыктын мааниси
Түштүк аймактарда витаминдүү, ширелүү чөптүн түрлөрү жаз алды менен жайнап чыгат. Сөөк жукарган кезде кубат болсун деп, өсүп кеткенге чейин, ар бир үй көктөн тамак жасап калганга ашыгат. Баяндала турган тамак көк жупка, башкача айтканда, ичине көк салынган жупка. Камыры кадимкидей эле даярдалып, кадимкидей эле жайылып, ичине көк чөптөрдүн аралашмасы салынып эки бети оодарылып бышырылат.

Жаздагы пайдалуу чөптөр

Булардын ар бирин өз-өзүнчө күнүмдүк турмушта колдонуп жүргөнүбүз менен жаз алдындагы, дегеле жаздагы кубаттуулуктун жетишсиздигине пайдалуу экендигин, ал үчүн анын күнөсканада эмес, күн көрүп, кылтайып жазда өсүп чыккан кези маанилүү экендигин эске алуубуз кажет.

Тоолуу аймактар болсо жаз ортолоп калган кезде көбүргөн деген чөп өсөт. Анын кычкыл даамы аткулактын (шавель) даамына окшош келип, каймак менен кууруп, жеңил тамак же салат түрүндө беришкен.

Ал эми жөргөмүш деген чөп балдар үчүн эң кубаттуу, абдан витаминдүү делип, аны сыдырып жешкен. Көп болсо үйгө алып келип каймакка көөлөп беришкен.

Паяндос, чач өрүү, өпкө чапмай. Аймактардагы ооз ачырган 10 каада
Аткулак (шавель), кадимки беде, ысманак (шпинат), шоро, жалбыз, койчу баштык, өгөй эне, чалкан — бул чөптөрдүн баарын белгилүү өлчөмдө чогултуп, пияз кошуп, баарын туурап, куйрук май же өсүмдүк майын кошуп, манты, чүчпара, самсы, жана жогоруда айткандай жупкаларды жасоого болот.

Тизгин жыяр

Азыркы кезде ааламдашуунун арты менен биз аралашпаган ашкана жоктур. Тамак-аштын тандоосу да арбын. Анткен менен улуттук даам, улуттук азыктардын өзгөчөлүгү жергиликтүү табиятка шайкеш экенинде. Биз Франция же Кытай, Түркия же Японияда жашап жаткан жокпуз. Анда-санда аралашканы жакшы, бирок кыргыздын табитине, табиятына, жашоо-шартына туура келген кыргыз даамынын кылымдардын элегинде иргелген тажрыйбасы алдабайт деп ишенээр элем…