Гүлшан Молдоева: "Арноо концертинен" кетем деп көп ирет түйүнчөгүмдү түйгөм

Маданияттын эмгек сиңирген ишмери, "Даңк" медалынын ээси, кыргыз телевидение, радиосуна 40 жылдык өмүрүн арнаган Гүлшан Молдоева менен маектешүү шыбагасы мага буюруптур. Чынын айтсам, жанынан биринчи жолу көрдүм. 60 жашка таяп калса да баягы сынында.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттигине алып баруучу балалык күндөрү, таенесинин тарбиясы, жеке жашоосу жана дикторлук кесиби тууралуу кызыктуу көп нерселерди айтып берди.

— Бала кезиңиздеги кызыктуу күндөр тууралуу айтып берсеңиз?

Назира Аалы кызы: кээде саясий амбициялар козголуп кетет
— Ысык-Көл облусунун Темир айылында чоңойдум. 11 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Менден кийин эркек бала келгенге таенемдер мени "көйнөкчөн төрөлгөнсүң, касиети бар кызсың" деп жакшы көрүшөөр эле. Ата-энебиз көпчүлүк учурда жумушта болгондуктан таенебиздин тарбиясын көп көрүп калдык. Акылман, көрөгөч, "кыз бала бардык нерсенин майын чыгара жасаганды билиши керек" деп бизге көп нерсени үйрөттү. Сууну да, самынды кор кылбай ак кийимдерди өңүнө чыгара жуудурчу эле. Муздак сууга чайкап туруп, тарсылдатып силкип жайчубуз. Элестетип көрүңүз 11 баланын кийимин. Анан аларды кооз кылып өңдөрүнө, көлөмүнө жараша түптүз, тептегиз кылып кере-кере кылып кермеге жайчу. Чала жасап койсок аны кайра-кайра жасатчу. Бизге шырдак шырытып, жүн тыттырып жатканда Үркүндөгү күндөрүн айтып берээр эле. Таенем өзүнүн айылын Кытайга алып барып, бирөөнү да сатпай, ачка калтырбай кайра толугу менен алып келген экен. Чекесинен кырыла баштаган кыргыздар бир ууч унга, нанга кыздар-балдарын сата баштаганда, таенем татынакай кыздарын "кытайлар алып кетпесин" деп беттерине көө, топурак шыбап, алар келе жатканда этегине баса калчу экен. Эл ачарчылыктан өлө баштаганда кара кочкор тузду, тоң майды арбын алып, түнкүсүн баары уктаганда ооздоруна салып элин аман-эсен алып келиптир. Бул деген чоң эрдик да. Апам дагы абдан тың аял эле. Аны айылдагы кемпирлер "Кенжекан 10 келинге татып коет" деп тамашалап айтышчу. 
Заслуженный деятель культуры, диктор Гульшан Молдоева

— Өзүңүздүн кыздарыңыз барбы, сиз да аларга таене, апаңыздын тарбиясын берип жатсаңыз керек?

— Эки кызым бар. Улуусуна колдон келишинче үйрөттүм. Таенебиз мурун чала жасаган нерсени кайра-кайра жасатып тазалатчу. Азыр мен да кыздарыма "кычык-кучуктун баарын тазалагыла" деп талап коем. Кичүү кызым менен азыраак алектенип калдык. Алты жашынан баштап Асанхан Жумакматовдун оркестринде фортепианодо ойнойт. Мындан улам жумуш жасамак тургай ойноп, эс алганга да убактысы болгон жок. Анын жараткан ийгилиги биз үчүн башкы орунда. Бардык жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышып Кыргызстандын атын чет жактарга да таанытып жүрөт.

— Алып баруучу болуп, эфирге чыкканды кичине кезиңизде эле жакшы көрчү белеңиз?

Актриса Таалайкан Абазова: министрдин аялы болгон чоң жоопкерчилик экен
— Биз кичине кезде айылда телевизор деген жокко эсе болчу. Атам балдар дегенде ичкен ашын жерге койгон, айрыкча кыз кишиге катуу айтпаган, балдарга да "кыздарды сыйлагыла" деген талапты катуу койгон адам эле. Бир күнү апам экөө кичинекей телевизор алып келишти. Айылдын кичине балдарынан карыган ата-апаларга чейин кезеги менен келип көрүп кетишчү. Телевизордон чыккан алып баруучу, дикторлор мен үчүн кол жеткис адамдар эле. Алардын сүйлөгөнү, отуруп-турганы да башкача сезилчү. Күзгүнүн алдына отуруп, алдыма ак жоолук же кездеме салып коюп аларды туураар элем. Өзүм эле эмес, кошуна кыздарды да чогултуп алып, "мындай отур, андай сүйлөбөй мындай сүйлө, жакшынакай кийинип кел" деп башкарып алчумун. Ал балдар ошол убакта телевизордон чыгып калчудай болуп, биздин үйгө студияга келгендей келчү эле. Ошол адатымды университеттен да койгон жокмун.

Заслуженный деятель культуры, диктор Гульшан Молдоева

— Жогорку окуу жайда журналистика тармагында билим алдыңыз беле?

— Жок. Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер окуу жайында музыкалык факультетте билим алгам. Институтта да активдүү болуп, драмалык кружок, хор, бийге да катышчумун. Институтта ар түрдүү иш-чараларды алып барып жүрдүм. 1977-жылы СССРдин баш мыйзамы кабыл алынып, Кремлдеги иш-чарада Кыргызстандын атынан алып баруучулук бакыты мага буюрган. Брежнев катышкан чоң иш-чарада кыргыз жеримди даңктап, алып барганымды азыр да сыймыктанып айтам. Ошентип ырдап-бийлеп жүрүп окуумду бүтүп, диплом алаарда радиого сынак жарыяланып андан өтүп кеттим. Аблезим Ниязов деген сөз үчүн, сүйлөө маданияты үчүн күйүп бышкан адамдан сабак алдым. Ал агай ар бир берүүбүздү угуп, жаздырып алып кайра ар бир туура эмес сүйлөнгөн сөз менен иштешчү. Андан кийин теле жаатында маалыматтык прогромма, адабияттык берүүлөрдү да көп алып бардым.

Заслуженный деятель культуры, диктор Гульшан Молдоева

— Азыркы дикторлор менен мурдагы дикторлорду салыштырып болбосо керек?

— Азыр диктор, ди-джейлер даярдыгы жок эле келип эфирге отуруп калып жатат. Айрым радионун алып баруучулары элге "чайнап өзүң жутуп ал" дегенсип өзү түшүнүп-түшүнбөй тыпырап сүйлөп кетет. Бул деген элди, угармандарды сыйлабагандык болуп саналат. Мурда адам, чыгарма аттарын биз туура эмес окууга акыбыз жок болчу. Азыр тили келсе деле, келбесе деле окуган диктор, ди-джейлерди эфирге отургузуп коюп жатат. Аларды окутуу — биздин милдет. Ошол эле Аблезим Ниязов агайдан алган тарбия, билимди биз өзүбүз менен кошо ала кетпешибиз керек.

— Угушубузга караганда сиз алып баруучу, дикторлор үчүн атайын академияга ачкансыз?

— Ооба, "алган тажрыйба, билим жерде калбай жаштарга өрнөк болсун" деп өз күчүм менен сүйлөө маданияты боюнча академия ачтым. Ал жактан адам өз оюн так айтуудан көркөмдөп сүйлөөгө чейин үйрөнөт. Мыкты билген дасыккан профессор, тилчи, адабиятчылар менен иштешип жатабыз. Азыр академияга үйдө отурган айымдардан депутаттарга чейин келип окуй баштады.

Заслуженный деятель культуры, диктор Гульшан Молдоева

— "Арноо концертине" көп чыкпай калдыңыз?

— Майрамдарда, белгилүү даталарда чыгып турабыз. "Арноо концертинен" кетейин деп канча жолу түйүнчөк түйдүм. "Каалоо-тилектерди Гүлшан, Бактыбек экөө окусунчу" деген өтүнүч биринин артынан бири келгенде көрөрмандарды сыйлап кайра алып барып калып жаттык. Азыр болсо радиодо адабияттык уктурууларды окуйм. 

— Эмне себептен кетейин дедиңиз эле?

— Жаштарга орун бошотуп берели деген максатта.

— Жеке жашоо, үй-бүлөңүз тууралуу сурабай кетпесем болбойт го. Жолдошуңуз багбанчылык менен алектенет деп уктук эле?

Актилек Гүлжигит кызы: үч баланын энеси экениме карабай колумду сурагандар көп
— Жолдошум Төлөгөнов Табылды Кадырович техника илимдеринин кандидаты, китеп дүкөнүндө кайсы китеп алмашканын билип турган билимдүү адам. Өзүнүн ак эмгеги менен иштегенди жакшы көрөт. Ысык-Көлгө 10 гектардан ашык жерге алма бактын түрдүү көчөттөрүн отургузган. Азыр ошол иши менен алек. Мен дагы жай келгенде үч айга эмгек өргүүсүнө чыгып неберелеримди алып Көлгө кетем. Жолдошума кол кабыш кылып, ширеден тарта чайларга чейин өз колум жасап алам. Өзүм да балдарымды да туура тамактанып, табигый жер-жемиш, жашылча жегенге көндүргөм.

Заслуженный деятель культуры, диктор Гульшан Молдоева

— Жаштыгыңыз, сулуулугуңуздун себеби да ошол себептен болсо керек?

— Балким. Анын үстүнө өзүм да жаным тынбаган адаммын. Эртең менен алтыда турам, ошол бойдон кечинде эле жатам. Түштө уктоо, чарчап жатып калуу, оорудум дегенди билбейм. Өзүмө жаккан иштерди жасайм. Эмгек адамдын жаштыгын сактап, өмүрүн узак кылат эмеспи.