Аида Салянова депутаттык мандаттан ажыратылды

Мандат Гүлнара-Клара Саматка тапшырылмакчы
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата Мекен" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Аида Салянованы мандаттан ажыратты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Эскерте кетсек, экс-депутат юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып калыбына келтирип берген деп айыпталган.

Ооруп калдым! Соттолуп жаткан саясатчылар эмне дартка чалдыгат
7-февралда Бишкек шаардык соту эл өкүлү Саляновага карата өкүм чыгарып, Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган болчу. Ага ылайык, депутат мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыратылган. Бирок Салянованын кичүү баласы 14 жашка чыга электигинен улам жаза өтөө мөөнөтү жылдырылган.

Бекматовдун айтымында, Салянованын депутаттык укугун мөөнөтүнөн эрте токтотуу чечими сот өкүмүнүн негизинде 3-март күнү БШКнын жыйынында кабыл алынган.

"Мандат "Ата Мекен" партиясынын тизмеси боюнча кийинки турган талапкерге берилет. БШК кийинки депутаттын жарандыгы жана соттолбогондугу боюнча сурам жөнөттү. Расмий жооп келгенден кийин мандат тапшырылат", — деди ал.

Кийинки болуп "Ата Мекен" партиясынын тизмесинде БШКнын мурунку төрайымы Гүлнара-Клара Самат турат.