Чоң ата, чоң энесинин тарбиясын көрүп, Европада билим алган юрист тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды топтоду.
Нарында өткөн балалык. Илим Карыпбеков 1979-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн. Кичине кезинде ата-энеси ажырашып кеткендиктен чоң ата, чоң энесинин колунда өсүп, абышка-кемпирдин тарбиясын алган. 11-классты Жумгал районунун Түгөл-Сай айылындагы мектептен бүтүрүп, 1996-жылы Бишкекти көздөй жөнөгөн.
Студенттик кез, көчө шыпырган күндөр. Окууну биринчи орунга койгон жигит Улуттук университеттин юридикалык факультетин кызыл диплом менен аяктаган. "Студент кезде эле иштеп акча тапканды билчүмүн" деген медиа жетекчи "Ош" базарында көчө шыпырып, таксист, дүкөнчү болуп да жан бакканын жашырган жок. Андан соң юридикалык билимин бекемдеш үчүн Түркияда "эл аралык мамилелер жана дипломатия", Варшавада "адам укуктары" боюнча магистратураны аяктаган. Кийин юрист катары ишмердүүлүгүн алгач жеке компаниядан баштаган.
Апасы да юрист. Карыпбековдун апасы Айжамал Ажибраимова кесиби боюнча юрист. Сот тармагындагы эмгек жолун 1975-жылдары баштаган. Учурда ал Евразия экономикалык биримдигиндеги соттун судьясы.
Ажалдан аман калган… 2017-жылы 1-мартка караган түнү Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсү менен Range Rover үлгүсүндөгү унаасын айдап келе жатып, жол четинде турган түркүктү сүзгөн. Ооруканага оор абалда жеткирилип, бир ирет жүрөгү токтоп, кайра соккон.
Спорт сүйүүчүсү. Карыпбеков спортко жакын экенин жашырбайт. Бош убактысын кышкысын лыжа тээп өткөрсө, күн жылууда сууда сүзүп, велосипед тебет. Бүгүн да туулган күнү менен куттуктап, байланышканыбызда уулу менен лыжага кетип бара жатканын айтты.
Кан досу. Маркум вице-премьер Темир Жумакадыров Илим Карыпбековдун кан досу болгон. Тилекке каршы Жумакадыров да жол кырсыгына кабылып, ошол жерден көз жумган. Жакын досун жоготуу Карыпбеков үчүн оңойго турган эмес. Социалдык тармактагы баракчасына досу менен түшкөн сүрөттөрүн байма-бай жүктөп, ал өтө жөнөкөй адам болгонун Sputnik маалымат агенттигинин кабарчыларына айтып берген.
Дарыгерлер Илим Карыпбековду ажалдын оозунан кантип сууруп алганын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар.