Көчмөндөр оюнуна карата Боомдогу кафелер текшерилип айып салынды

Текшерүү маалында көпчүлүк кафелерден бир катар мыйзам бузуулар табылды
Sputnik

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Боом капчыгайындагы "Боз Салкын", "Улар Тоо", "Бест Фуд", "Ак Жол", "Жибек жолу", "Фут зон", "Кербен Сарай" кафелеринде текшерүү жүргүзүлүп, санитардык жана өрт коопсуздугун сактабагандарга 5-35 миң сом өлчөмүндөгү айып салынды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынан билдиришти.

1 / 3
Ысык-Көл облусундагы Боом капчыгайындагы "Боз Салкын", "Улар Тоо", "Бест Фуд", "Ак Жол", "Жибек жолу", "Фут зон", "Кербен Сарай" кафелеринде текшерүү жүргүзүлүп, санитардык жана өрт коопсуздугун сактабагандарга 5-35 миң сом өлчөмүндөгү айып салынды
2 / 3
Текшерүү иштери Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдануунун алкагында жүргүзүлдү
3 / 3
Ошондой эле кафелердин басымдуу бөлүгүндө таштанды жана колдонулган суунун калдыгын төкчү жайлар талапка жооп берээрлик салынган эмес.

Текшерүү иштери Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдануунун алкагында жүргүзүлдү.

"Кафелердин көпчүлүгүнүн экологиялык, өрт жана техникалык коопсуздуктары талапка ылайык сакталбаганы аныкталды. Кафелердин дээрлик бардыгында өрттү чектөөчү жабдуулар жок болуп чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле кафелердин басымдуу бөлүгүндө таштанды жана колдонулган суунун калдыгын төкчү жайлар талапка жооп берээрлик салынган эмес.

"Саркынды суу, таштандыларды алып кете турган Балыкчы шаардык "Тазалык" жана "Суу түтүк" ишканалары менен келишимдер түзүлгөн эмес. Анын ордуна таштандыларды жеринен эле өрттөп жиберишчү экен", — деп түшүндүрүштү ведомстводон.

Кыргызстанда желим баштыктарга тыюу салган мыйзам долбоору сунушталды
Кафе ээлерине укук бузууларды четтетүү тууралуу эскертмелер берилди. Ошондой эле орчундуу кемчилиги барларга административдик укук бузуу боюнча акт жана протоколдор түзүлүп, мыйзам бузгандыгы үчүн тиешелүү берене, пункттар боюнча жоопкерчиликтер каралды.

Эске салсак, Мамэкотехинспекция өткөн жумада желим жана башка зыяндуу заттарды жаккан мончолорду текшерип чыккан. Маалыматка ылайык, текшерүү иштери көзөмөлдөнгөн тараптар иретке келтирилмейинче улантылат.