MegaCom компаниясын сатып алууга эми швейцариялык компаниядан сунуш түштү

Буга чейин компанияны сатуу боюнча бир нече аукцион өткөрүлгөн, бирок ар кандай себептер менен өтпөй калган
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. "Альфа Телеком" жоопкерчилиги чектелген коомун сатып алууга дагы бир компаниядан сунуш түшкөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Таластагы 40 млн. сом сарпталган чипсы чыгарчу завод иштебей калды
Белгилей кетсек, буга чейин MegaCom бренди менен таанымал уюлдук оператордук компанияны, Кыргызстанда каттоодон өткөн "АКА Инвест" ЖЧКсы (мурдагы АКА минералз энд майнинг компаниясы) сатып алуу сунушун берген болчу.

Мамлекеттик мүлк фондусу берген маалыматка караганда, учурда дагы бир ишкана, тагыраагы швейцариялык ALF Consulting SA компаниясы "Альфа Телеком" жоопкерчилиги чектелген коомунун 100 пайыз акциясын сатып алуу сунушун бергенин маалымдады.

"Аталган компаниянын жетекчиси Мария Германдже тарабынан сунуш түштү. "Альфа Телеком" менчиктештирүүгө бериле турган объект болгондуктан фонд тарабынан баалоо кызматына тендер жарыяланды", — деп Мүлк фондусунан кабарлашты.

Кен казуудан IT тармагына "секирген" инвестор. MegaCom операторун ким сатып алмакчы?
100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү болгон уюлдук оператор аукционго 2016-жылы февралда 19 миллиард сомдук баа менен коюлуп, бирок сатылган эмес. Кайра май айында аукционго чыгарылып, арыз келип түшпөгөндүктөн кийинкиге калган. Анын айынан ошол убакта Мамлекеттик мүлк фондусун башкарып жаткан Алмаз Кадыркулов кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Кийинки аукцион декабрга пландалып, уюлдук оператор 14 миллиард 255 миллион 250 миң сом деп бааланган. Ал аукцион да ишке ашпай калган.

2017-жылдын июнь айына кезектеги аукцион белгиленип, компаниянын баштапкы баасы 13,5 миллиард сом деп бааланган. Бирок аукционго катышуу үчүн бир дагы арыз түшкөн эмес.

Ал эми сентябрдын аягында аталган уюлдук компанияны сатып алуу ниетин РФ жараны Елена Нагорная билдирген. Россиялык ишкер айымдын койгон талаптары эрежелерге туура келбегендиктен ага да сатылбай калган.

Буга чейин "Альфа Телекомду" сатып алууга сунушун берген "АКА Инвест" кен казуудан заматта IT тармагына секирип кеткени аныкталып, коомчулукта талкуу жараткан болчу.