Депутаттар Сапар Исаковдун отставкасын талап кылышууда

Эл өкүлдөрү өкмөт башчынын кечирим сурап эле абалдан чыгып кетиши болбойт дешүүдө
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев өкмөт башчы Сапар Исаковдун иштен кетүүсүн талап кылууда. Бул тууралуу эл өкүлү парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Депутат Кенжебек Бокоев

Депутаттын пикири эл өкүлдөрүн эки жаатка бөлүп, КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев сунушка каршы чыкты.

"Өкмөттү отставкага кетирүү керек. Радио угуп жатабы? Парламентке келсин. Моралдык жоопкерчилик тартып отставкага кетиши керек. Массалык жоопкерчилик болуп жатат. Насос иштебей калды деген шылтоо жарабайт", — деди Бокоев.

Ал эми "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өкмөт башчы парламентке келип жооп берүүсү керек экендигин билдирди.

"ТЭЦ боюнча оор акыбалга түштүк. Ушул маселе боюнча премьер-министр Сапар Исаков парламентке келип жооп берсин. Интернетте элдин пикирин баарыбыз эле окуп жатабыз. Андыктан Сапар Исаков келип эмне болгонун айтып берсин", — деди Төрөбаев.

Ал өкмөт башчынын кечирим сурап эле абалдан чыгып кетиши болбой тургандыгын кошумчалады.

Депутаттар өкмөт башчы Сапар Исаковдун отставкасын талап кылууда. Премьер иштен кетиши керекпи?Ооба. Өкмөттөгүлөрдүн баары кетсинЖок. ТЭЦ боюнча маселеге Сапар Исаковду күнөөлөө туура эмесБилбейм. Айырмасы деле жок го
Эл өкүлдөрү премьер-министрдин, ИИМ жетекчисинин жана Өзгөчө кырдаалдар министринин парламентке келүүсүн талап кылышууда.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде ТЭЦте авария болуп, кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен. Бир күндөн кийин өкмөт көйгөй чечилгенин айтканы менен жылуулук берүү калыбына келген эмес. 29-январь күнү дагы бир түтүктөн жаракат кеткени белгилүү болгон.

30-январь күнү таңкы саат 4:40да Бишкек ТЭЦиндеги №3 блок ишке киргенин "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКнын маалымат кызматы кабарлаган. Ага ылайык жаңы блок 150 МВт энергияны иштеп чыгып, +88 градуска чейин жылуулук берери айтылган. 29-январда системага суу толтуруу аракеттери башталган болчу.