Депутат Төрөбай Зулпукаровдун айылга каты. Апам акыры-ыын жашып, а мен апкаарып...

Бул сапар айылга катты ЖКдагы КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров жазды. Алма жыттуу Ноокаттын Кара-Таш айылындагы кара тору кичинекей баланын баяны менен таанышасыз. Чыпылдаган чыбыктан тарта апкаарыткан катка чейинки ирмемдер...
Sputnik

Саламатсыңбы, айылым. Кичи мекениме кат жазуу мүмкүнчүлүгү бул жолу мага берилиптир. Эстеп көрсөм канча жылдан бери кат жаза элек экенмин…

Туулган жериме негизи көп каттайм. Бул ирет күлүк ойлор мени болуп көрбөгөндөй тездик менен Ноокаттын Кара-Таш айылына жеткирип, өткөн балалыкты тасма сымал көз алдыма тартты. Анда сөз башынан болсун… 

Семья Депутата Зулпукарова

Жөлөгөн, таянган мекениң болсун, ылайым

Кичи мекениме жөнөп, Оштон Ноокатка жакындап калган учурда Чапай тоосу көрүнөт. Анын этегиндеги Кара-Таш айылында киндик каным тамган. Атам милиция кызматкери, апам китепканада, кийин колхоздо иштеген мээнеткеч, боорукер инсандар эле. Чоң энемди да көп эстейм, мен ошол адамдын жомогу, насааты менен чоңойдум.

Бакыт Мукулдун айылга каты. Уурдалган чана, "үчкө" окуган сүрөтчү
Ар бир эле адамга өзүнүн туулган жери кымбат эмеспи, алтынга алмаштыргыс кичи мекенимдин кереметтүү жерлери мени дайыма өзүнө тартып, арбаганы арбаган. Кээде отуруп ойго батканда бул да болсо анын касиети экендигине таң берем. Ылайым сагынган, талпынган сезимден айырбасын дейм, топук кылам. Жөлөгөн, таянган мекениң болсун дейм, канааттана.

Азыр баамдасам, ушунчалык кооз жаратылыш койнунда чоңоюп, убагында ага баа бере албаптырбыз. Бала экенбиз да. Жылаңайлак издерим менен капары жок каткырыктарым калган Карагой жайлоосу, Кыргыз-Ата дарыясы. Балалык улам алыстаган сайын көргөн сайын көргүң келип, сагыныч тарабай, ыйык бойдон кала берет турбайбы.

Казанга бышкан тамактын даамы, очок шуулдап кайнаган чай, тандырга бышкан нандын жыты баары, баары өзгөчө, бир укмуш сезилет. Балким, аны азыркы балдар түшүнбөстүр, бирок бул керемет, кайра даамын татпай турган бактылуу балалыктын элестери, ирмемдери. СССР учурундагы адамдардын социалдык абалы бири-бирине окшош болсо керек. Ошондуктан баарыбыз бири бирибизге окшош кийинип, мектеп формалар да окшош болчу. Адамдардын көбү ортозаар жашачу. Бирок ошол учурдун адамдарында каниет, топук кылуу деген өтө эле күчтүү болсо керек, себеби жүздөрүнөн бактылуулук сезилип турар эле… Башкаларды билбейм, менде ошондой сезим калыптыр…

Чыпылдаган чыбыктар, чым этпеген биз…

Эсимде. Оюнга эч тойбойт элек. Шоктук менен чоңойгонбуз. Көчөдө мен курактуу балдар негедир дайыма чогуу ойночубуз. Бир күн көрүшпөсөк, ата-энелерибиз тилдегендей "бири-бирибизди көптөн бери көрө электей сагынып" да калчубуз. Тентектиктин айынан ата-энебизден чыпылдаган чыбыктарды жейт элек.

Депутат Аида Касымалиеванын айылга каты. Таята, жылдыз санаган түндөр, эски ийик
Ал эми "партизандык иштерди" ушундай ыкчам жана дыкаттык менен кылчубуз. Эсимде, 8-9-класстарда каш карайганда уктай турган төшөгүбүзгө жууркан, жаздыктарды киши уктап жаткан сымал орой коюп, терезеден эптеп шыпырылып түшүп, айыл аралап "жылт" койчубуз. Достор менен түн ортосуна айланчыктап жүрүп, түндүн бир учурунда үйгө кире албай, айла кеткен учурлар. Шырп алдырбай, буттун учу менен басып, төшөккө жеткенде, жеңилдене дем алчубуз. Эртеси биздин "жортуул" ата-энебизге билинип, таяк жеген күндөр канча дейсиз. Бала деген ошол экен да, чыпылдаган ал чыбыктар эмнегедир тез эле эстен чыгат да, ал жоруктар кайра уланмай…

Ал эми кат жазуу боюнча айтсам, өзүнчө бир баян, өзүнчө бир окуя жана эскерүү.

Алгачкы каттар аскерге кеткен агаларыбызга жазылды. Анткени СССРдин кезинде байкелерибиз аскерге Россия, Украина, Белоруссия, Германия, Чехословакия жана башка алыскы жактарга барып кызмат кылчу. Каттын жообу келсе ушунчалык кызыгуу менен окуп, өтө чоң жумуш кылгандай сүйүнчүбүз. Көптөр атын укмак турсун, бар экендигин билбеген, кичинекей бир Кара-Таш деп аталган айылдан жазган катка жооп канчалаган жер басып, эл аралап отуруп келгенине терибизге батпай калар элек…

Алгачкы катымды кайра окуганда…

Раимжан Курбановдун айылга каты. "Добрый вечер, катасы болсо кечир"
Мен өзүм айылга катты алгачкы жолу аскерде жүргөндө апама жолдогом. Анын мазмунун чынын айтсам, кийин эсимден чыгарып коюптурмун. Апам ал катымды мен үй-бүлөлүү болгондо бир жолу окуп берген. А мен "кандай жазылды экен" деген тейде кайра окуп жатканда, уялып уга баштадым. Анан "өзүң окуп берчи" деп койду. Мен катты окуур алдында бир аз толкунданып, "ката кеткен жерлери болсо ондоп окуй берем" деген ой менен мындан бир нече жыл илгери жазылган катыма үңүлдүм. Ал кишинин күтүп калганын байкадым, "оку балам" деп мага карады. Үнүмдү чыгарып, окуй баштадым. Байкасам, апам кунт коюп угуп отурат. Ушунчалык таңгалганым ал катты оңдоого, өзгөртүүгө эч мүмкүн эмес эле…

Анткени ал катта баланын энеге болгон чыныгы мээрими, сагынычы дирилдеп турган. Мекенге, эгер ааламдын масштабы менен караганда алакандай болгон айылга сүйүүсү ошол дүйнөгө батпай ашып-ташып турганын сезүүгө болот эле. Аны бир кезде өзүм жазганыма ишенбей да кеттим. Эки барак толтура жазылган катты окуп бүтүп апамды алдыртадан байкасам, көздөрүнүн алды нымдашып, энелик мээрим менен мени тиктеп туруптур. Ай, менин алтын апам, жарыгым…

Айылга каттасам да, таппай…

Апам бир өзгөчө жан эле. Ата-энем сегиз баланы тарбиялап өстүрдү. Мен үйдүн төртүнчүсүмүн. Атам да, энем да бул жарык дүйнөдөн көчкөн. Кара-Ташка тез-тез каттаганым баары бир ошол эки адамга болгон сагынычымды жаза албайт. Тирүү болгондо атам 75ке, энем 69га чыгып, 28 небере, төрт чеберени көрмөк экен.

Мектептеги асылдар

Кара-Таш айлындагы Калинин орто мектебинде окудум. Албетте, мектептеги күндөр билим алуу менен катар эле түркүн окуяларга бай болот эмеспи.

Мени окуткан эжеке-агайларымдын баарын эстеп турам, бирөөсүн айтсам, дагы башкасын таарынтып аламбы деген ой келет. Ошентсе да 1-класста окуткан Бүажар эжекемди, химия сабагынан берген Ташбүбү эжекем менен Аппаз агай, орус тилин үйткөн Элмира эжекем жана Зикир агай, Шарабидин агайларыбызды бир эстеп өтүүнү милдет көрдүм. Сиздер бизге үлгү да, ата да, эне да болдуңуздар. Бирде силерден чындап эле сезсек, бирде балаңардай эркелечүбүз. Мектептин ал кездеги директору Таажикан эжекебиз биз үчүн башкача бир бийиктиктеги адамдай сезилээр эле. Рахмат сиздерге, агайларым менен эжекелерим. Менин азыркы даражага жетишиме, максаттарымдын орундалышына, адам катары калыптанышыма сиздер жумшаган мээнет чоң. Сиздер мага окшогон канча окуучуларга ак жол каалап, чоң турмушка аттандырып, узаттыңыздар. Алардын арбыны азыр мекендин жүгүнүн бир четин көтөрүп жүрүшөт.

Манасчы Замир Баялиевдин айылга каты. Уурдап окуган китеп, ашыктыктын 16 куплети
Айылга, жаштарга азыр эмне демекчимин. Жакшылыктарды, өнүгүүнү каалайм. Мен туулган жериме көп каттап, эл менен арбын жолугуп, катташып тургандыктан, ар бир баштаган курулуштарыбызды жаштарыбыз менен биргеликте бүтүрүп турабыз. Бул мени кубантат. Азыр балдар мекенчил, намыстуу. Бул да мени кубантат.

Жаштардын жалкоолуктан оолак болушун, жаман жакка жетелеген напсисин оозуктай билишин каалайм.

Өнүгүп-өс, менин Кара-Ташым. Сенин карааның мага канча дем жана күч берерин сезбесең да керек. Аман бол, айылым!

Саламым менен, уулуңар, ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров.