Жылдыз Жаркынбаева Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборунда логопед болуп иштейт. 39 жаштагы маектешибиз эки баланын энеси. Кесиби боюнча тилчи болгон Жаркынбаеванын экинчи баласы майып болуп төрөлгөн. Уулунун колу-буту иштебейт, жакшы сүйлөй албайт. Мындан улам логопед кесиби боюнча экинчи жогорку билимин алууну чечкен. Жаркынбаева менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коомдогу абалы тууралуу баарлаштык.
— Жылдыз айым, өзүңүздүн негизги кесибиңиз башка экен…
— Такыр эле башка тармакта экинчи билим алуу кыйын болгон жокпу?
— Албетте, жашың өйдөлөгөндө экинчи билим алуу оңой эмес. Бирок мен үчүн баламдын жанында болуу, анын оорусун жакындан билип түшүнүү баарынан маанилүү болчу. Ошондуктан баш-отум менен берилип окудум. Экинчи билимди жалаң гана келишимдик негизде алат экенсиң. Айлыгым аз болуп, анын үстүнө эки балалуу жалгыз бой эне болгондугумдан каражат тарабы гана кыйнабаса, жакшы билим алдым деп ойлойм.
— Бул борбордо кандай балдар дарыланышат?
— Кароосуз калган балдардын кийинки акыбалы кандай болот?
— Негизи эле ташталган балдардын турмушу оор. Биздин борборго кирээриң менен эле аларга өзгөчө көңүл буруу керек экендиги байкалат. Келген адамга "апа" же "ата" деп жабыша калышат. Алар бойго жеткенче ошол жерден эч жакка чыкпай жашашат. Бизде негизи 16 жашка чейин калса болот деп айтылат. Бирок жашы 20дан өтүп калгандар да бар. Бизден чыккандан кийин акыл-эси жетишпеген балдарды алып кете турган жакындары жок болсо, психиатриялык ооруканаларга жөнөтүлөт. Бирок биздин борбордогу балдар андай ооруканадагылардан айырмаланат, ошон үчүн ал жакка барганда аябай кыйналышат. Себеби биз балдарга эч качан ийне сайбайбыз. Аябай болбой баратса дары беришибиз мүмкүн.
— Биздин коомдо мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга мамиле кандай?
— Бул көйгөйдү кантип чечсе болот?
— Негизи мамлекет ошол балдарга өзүнчө бала бакча ачып, тарбиячыларды дайындаса, алар кадимкидей коомго кошулмак. Өз тамагын өздөрү тапканга кудурети жетмек. Андай бала бакчаларга колдон келишинче оорукчан балдары бар ата-энелерди жумушка алуу керек. Себеби алар көйгөйдү жакшы билгендиктен балдарга жакын болушат. Жумушум бүтсө үйүмө кетсем деген ойдон алыс болуп, балдар менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө ынтызар болушмак. Мамлекет да майып балдарга төлөнчү жөлөк пулдун ордуна ал жерде иштеген ата-энеге айлык төлөмөк. Бул эки тарап үчүн да жакшы нерсе. Бизде акыл-эси жайында болгон, математиканы жакшы билген, мыкты сүрөт тарткан, жада калса ашпозчулукка окуган балдар бар. Алардын эч кимге зыяны жок. Бирок аларды башка оорукчандарга кошуп, жоготуп жатабыз. Биз айтып жаткан бала бакчаларга оорусу жеңилирээк балдар алынмак. Азыр бизде алар үчүн атайын мектептер бар. Бирок алардын баасы өтө кымбат.
— Мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар ата-энелерге кандай кеңеш берет элеңиз?
— Ушундай реабилитациялык борборлордо мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштешчү адистердин саны жетиштүү элеби?
— Бизге көп адистер келе бербейт. Бул чындык. Себеби айлык акы аз. Мен мисалы, 9 миң сом алам. Ал эми жумуш оор, ар бир баланын өзүн менен иштешүү керек. Бул тармактагы адистерге социалдык жеңилдетүүлөр каралган эмес. Ушул жерде иштеп жүрүп ден соолугунан ажырагандар бар. Себеби, ар дайым балдарды көтөрүп жүрөсүң. Балдар кол салган учурлар да болот. Мугалимдер моралдык жактан жабыркашат. Аларга эс алуу мүмкүнчүлүгү түзүп берилсе жакшы болмок. Ошондой эле азыр мамлекет күч органдарына, милиция кызматкерлерине көптөгөн батир берип жатпайбы. Бизге да ошондой мүмкүнчүлүктөр берилсе бул тармакта иштеген сапаттуу, мыкты кадрлардын саны көбөймөк. Себеби, балдар менен иштешүүнү жакшы билген күчтүү логопед, психолог же мугалимдер жетишсиз. Азыр жөн гана жумушка келип, эптеп убакыт өткөрүп айлык үчүн иштегендер да көп. Алар балдарга керектүү нерсени бере алышпайт.