Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ах, Айсулуу! Балбан кыз оозду ачырды

Түндөн түгөл чыктыңыздарбы, мекендештер? Кыш чилдеси күчүндө. Эптеп чымыркансак, бир нече күндөн кийин чилде чыгат.
Sputnik

Синоптиктер Бишкек, Ошто күн ачык болуп 3…8 градус жылуу болорун билдиришкен. Бирок бүгүн "буулугуп асман, түнөрүп" турганын байкоого болот.

Кыш күрөөдө кырсыктаган автоунаалар көбөйдү. Жарышып алышкансып, бензовоздор биринин артынан бири жыгылып, мурдагы күнү адам өмүрүн алды. Анысы аз келгенсип дарыяга кошулган мунай бир нече чакырымдап агып барып, жан-жаныбарга залакасын оңбогондой тийгизүүдө.

Чычкан суусуна күйүүчү май ташыган унаа кулап, бир адам көз жумду

Кырк жылы кыргын болсо да, бейажал чымын өлбөйт. Кудайга шүгүр, аман калышыптыр. Афганистандын борбору Кабулда жайгашкан Intercontinental Hotel мейманканасына кол салган террорчулардан аман калган кыргызстандыктардын баары кыз-келиндер экен.

Алыстан өзү эмес, сөөгү келмек болду. Санкт-Петербург шаарында иштеп жүргөн 38 жаштагы мекендешибиз автобус оңдоп жатып, кырсыктап каза тааптыр. Россиядагы Кыргызстандын элчилиги маркумдун жакындарына сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү үчүн жардам берүүгө даярдыгын билдирди.

Ал эми алыста жүргөн дагы бир мекендешибиз Өмүрбек Бабанов мандатынан "албасам ак койдум" деген таризде баш тартканы ордуна кимдин келерине кызыккандар арбын. БШК Транспорт жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин мурдагы директору Абдыбек Дүшалиев Бабановдун ордун басары мүмкүндүгүн айтышты.

Ах, Айсулуу, Айсулуу. Балбан кыз Айсулуунун жер чийген көйнөк менен көйкөлүп басып, андан сырткары жай каалгый тегеренгенип бийлегенин көрсөңүз, ушундай бир суктанасыз. Мала кызыл көйнөкчөн, марал сындуу маңкайган… деп жигит болсом, ыр токуп жибермек окшойм.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.54 (сатып алуу) жана 68.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 43.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.00 сом, ал эми дизель майы 41.00, ал эми газ 23.20 сомдон сатылууда.

Соңку сөз: Иш аптаңыздардын ийгиликтүү өтүшүн каалап, Нургүл Максутова