Актилек Гүлжигит кызы учурда КТРКнын курамындагы "Ала Тоо 24" каналында атайын кабарчы жана алып баруучу болуп иштейт. Бирок журналист болуу үч уктаса да анын түшүнө кирген эмес. Эгер курбусу турмушка чыгып кетпегенде балким азыр айылда мугалим болуп жүрмөк.
— Ар бир адам жаңы жылга жаңы кадамдарды пландайт эмеспи. Сиз 2018-жылга кандай план койдуңуз?
— Ушул журналистика тармагында эле өзүмдү ар тараптан сынап көрөйүн деп жатам. Алсак, сюжеттерди башкача форматта алып чыгуу планым бар. Чет өлкөлүк журналисттердин эмгектерин көрүп, салыштырып жүрөм. Ар тараптан байкап, биздин дагы форматка туура келгендей кылып даярдап, жетекчиликке сунуштап көрөм. Негизи планды алдын ала айтпайт дейт, андыктан калганын ишке ашкандан кийин көрө аласыздар. Эң башкы максатым — "Ала Тоо 24" каналынын жаңылыктарын байытып, өз салымымды кошуу. Андан сырткары, 2018-жылы жазуучулук чыгармачылыгымды баштайын деп турам. Өзүм жазган чыгармадан үзүндүлөрдү Facebook баракчама жарыялап, элдин сынына койдум. Жакшы баа беришти. Демек, аракет кылсам болот экен деген ой менен жазуучулук боюнча изденип баштадым. Бала кезимде ырды, дил баянды жакшы жазчумун. Эми ушул талантымды таптай турган мезгил келди окшойт.
— Кабарчы жана диктор болуудан сырткары атайын долбоорлорду даярдап эфирге алып чыгасыз. Ушул үчөөнүн ичинен кайсынысы сиздин жүрөгүңүзгө жакыныраак?
— Кабарчылык жүрөгүмө жакыныраак дээр элем. Эфирди алып барган да чоң жоопкерчилик, бирок отуруп эле сүйлөй бергенден көрө жер-жерлерди кыдырып, түрдүү окуяларга аралашып жүрсөң өзүңө жаңы нерселерди ачасың, жаңы адамдар менен таанышасың, ой-чабытың кеңейет. Түз эфир алып барып жүргөм, бирок өсүп-өнүп, такшалышыма кабарчылык абдан керек деп таштагым келбейт.
— Кээде чакырган коногуң убагында келбей, телефонун өчүрүп койгон учурлар кездешет. Айтсаңыз, журналисттин кандай учурда кыжыры кайнайт?
Бишкекке келгенде байкадым, чоң эле мамлекеттик кызматтарда иштегендер кыргыз тилин билбейт экен. Ушунун айынан жиним келип чатакташып кеткен учурлар болот. Бир жыл мурун элге таанымал мамлекеттик кызматкер "мен кыргызча сүйлөй албайм, өзүңүз которуп алыңыз" дегенде "кантип эле Кыргызстанда туруп, кыргызча сүйлөй албайсыз" деп катуу чырдашып кеткем. Андан кийин үйрөндү окшойт, азыр кыргызча интервью берип калды. Аны көрүп ичим жылый түштү.
— Мүмкүнчүлүк болсо кимден интервью алмаксыз?
— Кыргызстандын түптөлүшүнө салым кошкон Исхак Раззаковдон, Төрөбай Кулатовдон, Чыңгыз Айтматовдон интервью алмакмын. Ал эми көзү тирүү легендалардан Бексултан Жакиев, Кеңеш Жусупов, Зейнеп Шакеева, Болот Шамшиев жана башка бир топ инсандар менен кенен отуруп маек кургум келет. Бул сенин журналист катары көзгө басар эмгегиң болуп, түбөлүк кала берет.
— Алгачкы эмгек жолуңуз кайсы жерден башталган? Журналистикага жетелеген жол тууралуу кеп кылсак…
— Эрте турмуш куруп калышыңызга эмне түрткү болду?
— Мени өзүбүздүн айылдык эле жигит ала качып кеткен. Анда мен 16да, жолдошум 23 жашта болчу. Эч нерсени түшүнгөн эмесмин, 17 жашымда тун баламды көрдүм. "Болду, мындан ары бала төрөп, күйөөмдүн кызматын кылып гана өтөм го" деген ойдо калгам.
— Мурда аны менен сүйлөшүп жүрчү белеңиз?
— Жолдошум менен биринчи жолу көчөдөн көрүшкөнбүз. Экинчи жолу менин туулган күнүмдө шоколад алып келип бергенде көрдүм. Мен анда олуттуу кабыл алган эмесмин, көрсө байкап жүргөн экен. Сулуулук сынактарына катышып, мектептен баштап айыл өкмөт, райондорго чейин барчумун. 2006-жылы мектепти бүтө элегимде ала качып кетти. 20дан ашуун адам жашаган чоң үй-бүлөгө бардым. Күйөөм 11 бир тууган: сегиз уул, үч кыз эле. Мен бешинчи келин болдум. Үйлөрүбүз башка болгону менен бир короодо жашап, казаныбыз бир болчу. Бир күн эртеден кечке кир жууп, эртеси нан жаап келин болгондон кийин ушул үйдүн кызматын кылышым керек деп жашачумун. Жети жылдай бирге жашап үч балалуу болдук. Окууга тапшырам дегенде күйөөм, кайнатам болуп аябай колдошкон.
— Демек жолдошуңуз сизди окуп, иштөөңүзгө шарт түзүп берген экен да.
— Ооба, чынында күйөөм мага жакшы эле колдоо көрсөттү. Экинчи балам төрөлгөндөн кийин окуп, иштеп калдым. Жумуштан чарчап келет деп кечинде тамак жасап койчу, балдарды бала бакчага өзү алып барып, өзү алып келчү. Аны көрө албагандар аялынын айтканын жасайт деп кеп кылышаар эле. Ошондо күйөөм менден бир нерсе чыгарын сезген окшойт.
— Сизди теледен көргүсү келчү беле?
Түн жарымда өз бөлмөмө кирдим. Күйөөм "Ала Тоо жаңылыктарын" көрүп отуруптур. "Чарчадыңбы?" деди телевизордон көзүн албай. "Ананчы, нан эртең түгөнөт" дедим кабагымды чытып. "Капа болбочу, нанды жеш үчүн бышырып атасың да, кичине чыда. Бөлүнүп жашаганда жыргайсың. Карачы, жаңылыктарды татынакай кыздар алып барат. Курсактагы баланы төрөп алсаң, окутам. Анан "Ала Тоодон" чыгасың" деп маңдайыман сүйүп койду.
Ал кезде теле эмес, жогорку окуу жайда окуйм деген нерсе түшүмө кирчү эмес. Жадагалса, телевизор көрчү эмесмин. Ошондо күйөөмдүн сөзүнө көп деле маани бербей: "ой, койчу, каяктагыны айтпай" десем, "жок, көрөсүң" деп койгон эле. Анын бул айткандары эсимде да жок. Жакында эстеп, ыйладым. Көзү тирүү болсо азыр мени теледен көрүп отурбайт беле… 23 жашымда таштап кете берди.
— Күйөөңүз эмнеден улам каза болду?
— Боор циррозу менен ооруду, дагы башка себептери бар. Аны мен жалпы элге жарыя кылууну туура көрбөйм. Күйөөмдөн айрылгандан кийин чыныгы адамдардын жүзүн көрдүм. Бир топко чейин түшүмө кирип "кетели, мен сенсиз жашай албайм", деп жатты. Балдарым да "түшүмдө атам келди, жүр кеттик" деди дешет. Уктагандан да коркуп калгам. Азыр бир эле нерсе айта алам, жолдошум менин пайдубалымды түптөп, ушул деңгээлге жетишиме кандайдыр бир салымын кошо алды.
— Үч баланы жалгыз тарбиялып өстүрүү жаш энеге кыйын турса керек…
— Ал эми Бишкекке кантип келип калдыңыз?
— Бишкекке үч балаңызды алып келгенсизби?
— Балдарымды былтыр эле алып келдим. Учурда төртөөбүз бир үйдө жашап жатабыз. Балдар чоңойгон сайын кийимине, окуусуна көп каражат талап кылынат экен да. КТРКдан сырткары да эки-үч кошумча жумуштарда иштейм. Мисалы орусчадан которулган тексттерди редакциялоо сыяктуу иштерди жасайм. Кечинде 9-10дордо үйгө барып балдарды карап, тамак жасап, үй тиричилиги болот. Андан сырткары, кошумча жумуштарың менен иштейсиң. Балдарды да, жумушту да алып кетиш үчүн уйкуну азайтып, көп аракет кылыш керек экен. Азыр балдарым да чоңоюп түшүнүп калды. Чай кайнатып, жумуртка кууруп жегенди, кыскасын айтканда курсагын тойгузганды үйрөтүп койгом. Чалып койсом "апам бүгүн кеч келет экен, Таласка кетиптир, Нарынга кетиптир" деп улуу балам инилерин карап отура беришет. Үйдөгү эрежелер жазылган, ошону сактоо менен жашайбыз.
— Экинчи турмуш курайын деген ойлоруңуз барбы? Колуңузду сурагандар да көп болсо керек…
— Сунуш кылгандар көп. Арасында чиновниктер да бар. Айылда ата-энеме да барып турушат экен. Бирок жакынкы аралыкта турмушка чыгайын деген оюм жок. Ушул маселеге келгенде эч бир чечимге келе албайм. Экинчи турмуш болгондон кийин аябай кылдат карап, ар тараптан сынап дегендей. Колумду сураган жигит мага жагып турса да, чечим кабыл алуу кыйын болот.
— Үч баланын энеси экениңизди билгенден кийин оюнан кайтып кеткен жигиттер болобу?
— Көпчүлүгү ишенбей, өзүңдү менден алыстатыш үчүн эле айтып жатасың дешет. "Таанышалы, сизди жактырам, үй-бүлө куруу ниетим бар" деп айткандар болот. Алар көбүнчө үйлөнө элек, өзүмдөн кичүү балдар. "Баарына даярмын балдарыңызды да багып алам" дешет. Бирок аларды жаштыкка салып жатат деп олуттуу деле кабыл албайм.