БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. "Альфа Телеком" жоопкерчилиги чектелген коомун сатып алууга сунуш түшкөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун маалымат кызматынын өкүлү Махабат Мансурова билдирди.
Анын айтымында, сунуш үстүбүздөгү жылдын 9-январында "АКА минералз энд майнинг" жоопкерчилиги чектелген коомунан түшкөн.
"Негизи MegaCom компаниясы 13 миллиард 500 миллион сомго бааланган. Бирок аталган компания канча сунуштай турганы азырынча белгисиз. Себеби алар эми гана "презентация өткөрүп компания менен жакындан тааныштыргыла" дешти. Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Мансурова.
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, "АКА минералз энд майнинг" компаниясы 2014-жылдын 13-октябрында кайрадан каттоодон өткөн. Ал "АКА Петролеум" ЖЧКсы менен Касым Курбанов аттуу жаранга таандык экени жазылган. Ошондой эле компания жаратылыш минералдарын жана тоо тектерин казуу менен алектенери көрсөтүлгөн.
Кийинки аукцион декабрга пландалып, уюлдук оператор 14 миллиард 255 миллион 250 миң сом деп бааланган. Ал аукцион да ишке ашпай калган.
2017-жылдын июнь айына кезектеги аукцион белгиленип, компаниянын баштапкы баасы 13,5 миллиард сом деп бааланган. Бирок аукционго катышуу үчүн бир дагы арыз түшкөн эмес.
Ал эми сентябрдын аягында аталган уюлдук компанияны сатып алуу ниетин РФ жараны Елена Нагорная билдирген. Россиялык ишкер айымдын койгон талаптары эрежелерге туура келбегендиктен ага да сатылбай калган.